Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:44

Талибдер Тажикстанга чектеш бекетти басып алды


Кундуз провинциясы. Ооганстан. 22-июнь, 2021-жыл.
Кундуз провинциясы. Ооганстан. 22-июнь, 2021-жыл.

Ооганстанда “Талибандын” жоочулары чабуулун күчөтүп, бир нече аймакты басып алды. Соңку күндөрү Тажикстан менен чек арадагы негизги өткөөл - Шерхан Бандар шаарчасын ээлешти.

Талиб жоочулары соңку апталарда Ооганстандын түндүгүнө чабуулун күчөтүп, ондогон районду өзүнө каратып алды. "Талибан" май айынан бери өлкөдөгү 370 райондун 50дөн ашуунун өз көзөмөлүнө алды.

Дебора Лайнс
Дебора Лайнс

Бириккен Улуттар Уюмунун Ооганстан боюнча чабарманы Дебора Лайнс талибдер айбат көрсөтүп жатканын белгиледи.

"Жоочулар басып алган райондор провинциялардын борбор шаарларын курчап турат. Муну менен Талибан эл аралык коалициянын аскерлери чыгары менен борбор шаарларды басып алууга аракет кыларын көрсөтүүдө".

Дипломат ошондой эле кошуна өлкөлөрдүн коопсуздугуна да коркунуч туулганын белгиледи.

22-июнда жоочулар ооган-тажик чек арасындагы негизги өткөөл болгон Шерхан Бандар шаарчасын ээлегени кабарланды.

Бул район Кундуз провинциясынын борборунан 50 чакырымдай алыс жайгашкан.

Аймактык кеңештин мүчөсү Халиддин Хакмини «Франс-пресс» агенттигине билдиргендей, талибдер «Шерхан Бандар» бекетин жана бардык чек ара пункттарын басып алган.

«Шерхан-Бандар» күнүнө миңге чейин жүк ташуучу автоунааны өткөрүүгө ылайыкташкан ири бекет. Пянж дарыясынын боюндагы бул бекетке 2007-жылы узундугу 700 метрлик көпүрө курулган. Көпүрө Ооганстандын Борбор Азия өлкөлөрү менен соода-сатык, байланышын жакшыртуу максатында ишке берилген.

Ага чейин "Талибандын" жоочулары Кундуз провинциясынын Имам Сахиб районуна чабуул коюшкан эле. Тажикстан менен чектеш бул аймак Борбор Азия өлкөлөрү менен байланыштырган тогуз жолдун тоомунда жайгашкан.

Тажиктердин атайын кызматы талибдер менен салгылаштан кийин 134 ооган аскери өлкө аймагына өтө качканын кабарлады. Мекеме маалымдагандай, расмий Дүйшөмбү ооган аскерлерин өз аймагына киргизүүгө уруксат берген. Качкан аскерлердин бешөө оор жараат алган, алардын бири эсине келбей курман болду.

Тажикстандын аймагына кире качкан ооган аскерлери
Тажикстандын аймагына кире качкан ооган аскерлери

Учурда тажик бийлиги ооган жергесинде кырдаал курчуса, качкындар көбөйөт деп божомолдоп турат.

Ал тапта ооган коопсуздук күчтөрү талибдерге каршылык көрсөтүүнү улантууда. 22-июнда Кабул өкмөтүнүн Коргоо министрлиги, Кундуз, Балх жана Баглан провинцияларындагы эки район жоочулардан бошотулганын жарыялады.

«Талибандын» өкүлү Забихулла Муджахид согушкерлер Шерхан-Бандарды жана Кундуз аймагындагы Тажикстан менен чектеш чек ара бекеттерин көзөмөлдөп турганын билдирди.

Ооганстандын Коргоо министрлиги түндүктөгү Балх провинциясындагы Мазари-Шарифке жакын жерден талибдерди кууп чыкканын кабарлаган.

Бирок Талибандын өкүлдөрү бул аймактан өздөрү чыгып кеткенин, АКШ аскерлери өлкөдөн кеткенге чейин тынч турууну чечишкенин билдирди.

21-июнда АКШнын аскер жетекчилиги Ооганстандагы соңку кырдаалга байланыштуу жоокерлерди чыгарууну жайлатышы мүмкүн экенин ишара кылды.

Пентагондун маалымат катчысы Жон Кирби кырдаалга жараша аскерлерди чыгаруунун ыргагы жана масштабы өзгөрүшү мүмкүн экенин билдирди.

Бирок ал америкалык аскерлерди 11-сентябрга чейин чыгаруу планы өзгөрүүсүз каларын так кесе айтты:

«Эки нерсе эч өзгөрүүсүз калат. Биринчиден, дипломаттарды коргогондон башка америкалык аскерлер Ооганстандан чыгарылат. Экинчиден, башкы командачынын буйругуна ылайык, бул сентябрдын башына чейин бүткөрүлөт».

Вашингтон Ооганстандагы зордук-зомбулукту токтотууга үндөдү.

Мамлекеттик Департаменттин маалымат катчысы Нед Прайс «биз тараптарды олутуу сүйлөшүү жүргүзүүгө чакырабыз. Бул Ооганстандын келечегин аныктаган саясий жол картасы болушу керек», - деди.

АКШнын бул чакырыгы ооган президенти Ашраф Ганинин Вашингтонго сапарынын алдында жасалды.

Ооганстандын тышкы иштер министри Мохаммад Ханиф Атмар БУУнун Коопсуздук кеңешинин онлайн жыйынында сүйлөп жатып, Талибанды оор кылмыштарга айыптап, эл аралык коомчулукту талибдерден Доха келишимин аткарууну талап кылууга кошулууга чакырды.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG