Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:55

Талибдер менен кармашта ооган аскерлери Тажикстанга чегинди


Тажик-ооган чек арасы. Тажикстанга өткөн ооган өкмөттүк күчтөрүнүн аскерлери.
Тажик-ооган чек арасы. Тажикстанга өткөн ооган өкмөттүк күчтөрүнүн аскерлери.

Ооганстандын өкмөттүк күчтөрү менен “Талибан” жоочуларынын ортосунда айыгышкан салгылаштар күч алды.

Кандуу кармаш өлкөнүн борбордук жана түндүк аймагында жүрүп, дагы 17 ооган аскери Тажикстанга чегингени маалым болду. Ошондой эле “Талибан” 50дөн ашуун ооган аскерин туткундаганы кабарланды.

Бул арада АКШга сапарын жыйынтыктаган ооган президенти Ашраф Гани Вашингтон кырдаалды жөнгө салууга жардам көрсөтүүгө убада бергенин айтты. АКШ аскерлеринин Ооганстандан чыгышы эл аралык коопсуздук үчүн чоң катачылык болорун эскерткендер чыкты.

Ооган аскерлери туткундалууда

Өткөн дем алышта Ооганстандын борбордук жана түндүк аймагында кырдаал курчуп, өкмөттүк күчтөр менен “Талибандын” кагылышы күчөдү. Соңку айыгышкан салгылаштарда талибдер айрым райондорго көзөмөл орноткону маалым болду. Майдан Вардак провинциясынын полиция башчысы Мустафа Маяр каршылыкка карабай, Чак жана Саид-Абад аймактары талибдердин колуна өткөнүн ырастады.

Ооганстандык чек арачылар. Тажик-ооган чек арасы.
Ооганстандык чек арачылар. Тажик-ооган чек арасы.

Анын айтымында, эки аймактагы кармашта 56 ооган аскери туткундалып кетти.

"Талибандын" өкүлү Забиулла Мужжахед "Твиттердеги" баракчасына бир эле Саид-Абад үчүн согушта өкмөттүк күчтөрдүн 190 аскери туткунга түшкөнүн жазды.

Ооганстандын президенти Ашраф Гани АКШдагы сапарын жыйынтыктап жатып,“Талибанга” кайрылып, күч менен маселе чечүү мүмкүн эместигин эскертти:

Ашраф Гани
Ашраф Гани

"Күч көрсөтүү - ооган элин баш ийүүгө мажбурлай турган жол эмес. Биз мурдагыдай эле аларды ок атышууну токтотуп, саясий жолго түшүүгө чакырабыз. Анткени, маселени саясий жол менен чечүү аракети согушту токтотот. Линькольн айткандай, "душманды жеңүүнүн жалгыз жолу бул аны доско айландыруу"",- деди Гани.

"Аскерлерди чыгаруу - катачылык"

Ошондой эле Ашраф Гани Вашингтон кырдаалды жөнгө салууга көңүл кош эместигин, жардам берүүнү убада кылганын билдирди. Бирок АКШ ооган жергесинен аскерин чыгарып жатышы андагы радикалдык күчтөргө дем бергенин айыптагандар эми анын кесепетине кабатырланууда. Мисалы Чехиянын президенти Милош Земан эл аралык күчтөр чыкса, Ооганстан террорчулуктун дүйнөлүк борборуна айланат деген кооптонуусун жергиликтүү CCN телеканалына курган маегинде билдирди:

“Эгерде терорчулук менен күрөшүүнү кааласак, анда бизде кийин Ооганстанга кайтып баруудан башка жол калбай калат. Бирок ал кадам көп жоготууларга алып келип, бир далай чоң чыгымдар менен коштолот”.

АКШ жана Ооганстан президенттеринин Вашингтондогу жолугушуусу. 25-июнь, 2021-жыл.
АКШ жана Ооганстан президенттеринин Вашингтондогу жолугушуусу. 25-июнь, 2021-жыл.

Түндүк аймактарда күч алган талибдер

«Талибан» кыймылынын жоочулары 27-июнда Ооганстандын түндүгүндөгү Кундуз шаарын курчоого алып, анын айланасындагы аймактарды басып алды. Айыгышкан салгылаштан улам 5 миңге чукул киши үй-жайын таштап, качууга аргасыз болгону кабарланды.

Балх провинциясында 27-июнда кечке жуук талибдер менен салгылаштан артка чегинген ооганстандык 17 аскер Тажикстанга өтө качкан. Тажикстандын Улуттук коопсуздук кызматы бул маалыматты бышыктады.

“Гуманитардык жана кошуначылык мамилени эске алуу менен тажик чек арачылары качкындарды Тажикстандын аймагына өткөрүүгө аргасыз болду”, - деп айтылат мекеменин билдирүүсүндө.

Белгилей кетүүчү жагдай, Ооганстандын түндүгүндөгү Балх жана Кундуз сыяктуу провинциялар Тажикстан, Өзбекстан менен чектешет.

22-июнда Ооганстандын Шерхан-Бандар чек ара бекетин талибдер басып алгандан кийин 134 ооган аскери артка чегинип, Тажикстандын аймагына башпаанек сурап кирип келген. Азыр алар каякта турганы белгисиз. Өзбекстан болсо Ооганстан менен чектешкен Термез аймагынан качып кирген ооган аскерлерин артка кайтарды. Ошентип, АКШ аскерлерин Ооганстандан чыгара баштаганда "Талибан" жоочуларынын чабуулдары күчөдү.

"Ооган эли өз келечегин өзү тандай турган учур"

АКШ президенти Жо Байден ооган эли өз жолун тандоого тийиш экенин билдирди:

Жо Байден.
Жо Байден.

“Оогандыктар эмнени каалай турганын өздөрү аныктап, эми өз болочогун өздөрү чечүүгө туура келет. Бирок биз ага жардам бербей койбойбуз. Эң башкысы, мааниси жок зомбулук токтошу керек. Аны токтотуу абдан татаал болот. Бирок бул күрөштө дайыма биз силер менен калабыз”.

БУУнун Ооганстан боюнча чабарманы Дебора Лайонс 22-июнда талибдер өлкөнүн 370 районунун 50дөн ашуунун басып алганын кабарлаган. Учурда өкмөттүк күчтөр менен биргеликте жергиликтүү тургундар дагы колго курал алып, аларга каршы салгылашка чыгышты. Алардын катарына аялдар дагы кошулганы кабарланды.

40 жылдан бери согуш токтобогон Ооганстанда соңку тынчтык орнотуу аракеттери да натыйжа бере элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG