Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:05

Ооганстанда талибдерге каршы согушка аялдар кошулду


Ооганстан. "Талибанга" каршы колуна курал көтөрүп чыккан аялдар.
Ооганстан. "Талибанга" каршы колуна курал көтөрүп чыккан аялдар.

Ооганстандын Жаузжан провинциясынын Шиберган шаарында бир топ аялдар "Талибанга" каршы салгылашуу максатында өкмөттүк күчтөрдүн катарына кошулуп, колдоруна курал алышты.

Жаузжан провинциясынын Аялдар кеңешинин төрайымы Муслима Атои куралдуу аялдар отрядынын башчысы болду.

Ал ондогон аялдар оз ыктыяры менен колуна курал алып, “Улуттук кыймыл” партиясы аларды ок-дары менен камсыздаганын айтты.

Атоинин айтымында, куралдуу аскер тобуна кирген көпчүлүк аялдардын күйөөлөрү дагы талибдер менен согуштун алдыңкы катарында жүрүшөт.

“Аялдардын аскердик кыймылы коопсуздук күчтөрүнүн майтарылбас эркин курчутуп, дем берет”, – деди ал.

Өткөн айдан баштап "Талибан" Ооганстандын бир катар райондорун басып алган. Бул кыймыл АКШ Ооганстандан аскерлерин чыгарууну жарыялагандан кийин жандана баштады.

Учурда өкмөттүк күчтөр менен биргеликте жергиликтүү тургундар дагы колго курал алып, аларга каршы салгылашка чыгышты.

40 жылдан бери согуш абалында жашап келе жаткан Ооганстанда тынчтык орнотуу аракеттери натыйжа бере элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG