Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:40

Коңшулук алака реалдуулукка негизделиши керек


Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана тажик президенти Эмомали Рахмон. 28-июнь. 2021-жыл.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана тажик президенти Эмомали Рахмон. 28-июнь. 2021-жыл.

Кыргыз президенти Садыр Жапаровдун Дүйшөмбүгө биринчи расмий сапарына улай ичте-тышта түрдүү кеп айтылууда.

Ичтеги пикирлер белгилүү, тыштагы кепти талдаганга чамабыз келбей туру. Ал тургай кыргыз-тажик куралдуу жаңжалына тышкы коомчулуктун позициясын, баасын олуттуу анализдей элекпиз, чет мамлекеттердин жана уюмдардын учурдагы мамилесин түшүнө албай, болочоктогу кадамдарын биле албай жатат окшойбуз.

Өлкө ичинде бул сапарды жактагандары да бар, жактырбагандары арбын. Демейде мамлекет башчысынын чет жерге сапары журт арасында мынча кайчы пикир жаратпайт.

Быйыл апрелдеги куралдуу жаңжалдан кийин коомчулуктун буга чейин деле суук селкин кыргыз-тажик алакасына сезимтал реакция кылганы түшүнүктүү. Тажик коомчулугу деле бир ооздон жадырап-жайнап тосуп албаса керек. Алар да сыртынан күлө баккан менен, ичинен шакардай кайнап, нечен айла, не бир түркүн амал камдап турса керек.

Ушул шартта президенттин Тажикстанга расмий визити кылдын учунда, кылыч мизиндеги тобокел сапар. Арылаган сайын ажырым тереңдей бермеги анык. Улам созгон сайын ишке ашуу мүмкүнчүлүгү азая турган зарыл визит, өздөрү кепке келе албаса, арачыларга күнкор кыла турган сапар. Биздин делегация да мыктап даярдангандыр, анча белсенген соң.

Эки өлкө түйүндүү маселелерин сүйлөшүп, талкуулап гана чече алат. Албетте, башка жолдор да бар. Бирок алардын көбү эки өлкөгө оң натыйжа бериши күмөн. Ансыз деле чабал өлкөлөрдүн эми минтип бири-бирине кылыч кезеп, найза сунуп турушу жакшылыкка алып барбайт. Бери болгондо эки өлкөнүн эли жапа чегет, эки мамлекеттин тең бүтүндүгүнө доо кетет, суверенитети чектелет.

Кыргыз президенти Тажикстанга Рахмондун алдына түшөйүн деп аттанганы жок, айкөлдүк кылып, алаканы жөнгө салууну көздөп, колдон келсе мамилени оңдоо үчүн баратат. Кыргызстандын маселелерди чечүүгө дилгирлигин билдирип жол тартты. Атаганат, бир кезде эл аралык аренада активдүү роль ойногон, кадыр-баркы бар мамлекет элек.

Конгон кушту колдон учуруп, ырысыбызды качырып алганыбызга бир топ жыл болду. Эми да кеч эмес. Кыргызстан эл аралык мамилелерде жоопкерчиликтүү, регионалдык иштерди чечүүгө жөндөмдүү мамлекет деген ишенимди калыптандырууга тийишпиз. Андай күн да келээр. Бирок ага акыл коротуп, мээнет жумшоо зарыл.

Мамлекеттер аралык мамилени аныктаган факторлорду жакшы билүүгө тийишпиз. Дал ушул жерден кемчилигибиз көп, чабалдыгыбыз, тайкылыгыбыз бар, тайыздык кылабыз.

Борбор Азиянын коңшу эки өлкөсүн эмне бириктирет, орток нерселери барбы, алакага кесепети тийчү жагдайлар кайсы, пайдасы тие турган шарттар кайсы экенин дурустап талдай элекпиз. Биз өз өлкөбүздү жакшы билбейбиз. Азыр жүрүп жаткан процесстердин келечегин аңдабайбыз, тышкы таасирлердин натыйжасына көзүбүз жетпейт.

Тилекке каршы, биз коңшуларыбызды жакшы билбейбиз. Эң жакын, ирегелеш жашаган коңшуларыбызды сыры бизге беймаалым. Базарыбыз да, мазарыбыз да бир деген бир тууган элдер башка базарларды эбак аралап кеткенин, бизден улам алыстап, жатыркап баратканын сезгибиз жок. Биздин ата конушту базар катары эсептеген улам кийинкиси кыйын чыкма муунду өзүбүз өжөрлөнө өстүрүп жатсак, алардын кыйын чыкмалары карап турмак беле. Муну моюнга алгыбыз жок. Айтор, биз өзүбүздү жана коңшуларыбызды дурустап биле албадык, билгенге аракетибиз да жетишсиз.

Кыргызстан менен Тажикстанды эмне бириктирип турат? Бизди достуктун, соода-экономикалык, маданий алаканын аймагы эмес, чыры басылбаган узундугу 1000 км чукул чек ара бириктирет. Эгер коңшуларда көйгөй көп болсо, турмушу кыйын болсо, тез чатакташат. Эгер эки коңшунун бири тыңыраак же байыраак, көпкүлөң, экинчиси жардыраак, чабалыраак болсо, алдуусу алсызын басынтат, ыдык көрсөтөт.

Эки өлкөдө тең ислам динин туткандар басымдуу. Эки өлкөдө тең “исламчылар” мамлекеттик түзүлүш, суверенитети жана коопсуздугу үчүн коркунуч жарата баштады. Бирок Тажикстан “исламчыл” күчтөрдүн запкысын жон териси менен сезген өлкө. Диний негизде уюшулган саясий партиялар жарандык согушта активдүү күчкө, куралдуу топторго айланган.

Кудай жалгап, эл аралык коомчулуктун ортомчулугу жана Кыргызстандын чыныгы жардамы менен дээрлик беш жыл ашык созулган атуулдук согуштан араң башы арылган сейрек өлкөлөрдүн бири. Тажикстан дин саясатында бекем позицияны ээлейт, Кыргызстан дин саясатында архилибералдык позицияда турган өлкө, бийликке кусамат саясатчылар диний, кылмыштуу топтор менен табакташ болуп, коюн-колтук алышып барат, бийлик көксөгөн диниятчылар саясатка улам батыл аралашууда.

Диний, этникалык негизде жаңжал басылбаган өлкөлөр арбын. Иракта 2003-жылдан бери, Ливияда, Сирияда 2011-жылдан тарта, Малиде 2013-жылдан бери согуш оту өчө элек, Африканын ондон ашык өлкөсүндө жаңжалдардын аяк-башы көрүнбөйт. Тажикстан жарандык согушту башынан кечирген, ошондой конфликт басылбаган өлкөлөрдүн бири Ооганстан менен чектеш. Эми да аймагынын бир тобун согушкер талибдер ээлеп алды. Бул өлкөдө тажик тектүүлөр арбын. Калктын 20% ашыгын түзөт. Бул чоң айырма жана өтө татаал фактор. Кооптуу жагдай.

Кыргызстан менен Тажикстандын географиялык окшоштуктары бар. Эки өлкө тең суу башында туруп, стратегиялык байлыктарын, анын ичинде гидроэнергетикалык ресурстарын ырыстуу пайдалана албай келет. Бирок тажиктер Рогун ГЭСин курганга жетти, биз гидроэнергетикалык андай чоң курулуш кура элекпиз. Ар бир аракетибиз чыр менен коштолуп келет. Эки өлкөнүн тең кен байлыктары кудайга шүгүр, бирок ага ээлик кыла албай, тыштан инвестиция тартуу аракеттери ишке дурус ашпай келген жакыр өлкөлөр. Эки өлкө бири-бирине чеке жылытарлык инвестиция сала албайт.

Эки өлкөнүн территориясынын көлөмү, калкынын саны бирдей, экономикасынын структурасы окшош, калктын социалдык-экономикалык денгээли төмөн. Жакыр өлкөлөр, жарды мамлекеттер.

Тарыхыбыз деле бир эмес. Ырас, совет мезгилинде социалдык-экономикалык, саясий-идеологиялык жактан тагдырлаш элек. Жетимиш жыл ашуун бир державанын курамында бирге болдук. Бирок ошол мезгилде жашап, өмүр кечирген муун аренадан кете баштады. Эки өлкөдө тең Пушкин айткан бейтааныш, жаш, жаңы муун (“племя младое, незнакомое”) калыптанды.

Жалпы кызыкчылыктарыбыз барбы? Олуттуу мамиле кылып, чындап издей элекпиз. Эл аралык жана регионалдык маселелерде позицияларыбыз дал келеби? Айрым сейрек учурлардан тышкары эки мамлекеттин көз караштары шайкеш деп айтуу кыйын. Эки өлкөнүн дарамети чак, уюштуруучуларына гана кызмат кылган уюмдарга пассивдүү мүчөлүгүн эске албаганда, кыйраткан кызматташтык байкалбайт.

Чек аралаш туруп, соода-экономикалык байланыш ургалдуу эмес. Балким аткезчилик соодасы гүлдөп, эки тарапта тең бир топ кызыл кулак байып жаткандыр, расмий статистикага ылайык, эки өлкөнүн ортосунда 30-40 млн. доллардын тегерегинде товар жүгүртүлөт. Кыргызстан Тажикстандын орточо эсеп менен 4-4, 5 млрд. долларлык тышкы соодасынын 0,8 % гана түзөт.

Кыргыз тили түрк тилдерине кирет, тажиктер перс тилдүү эл.

Этникалык кыргыздар Тажикстанда азаюуда. Тажикистандагы кыргыздар – бул диаспора эмес ирредента, башкача айтканда илгертеден берки, жергиликтүү калк. Жерге-Тал, Мургаб биздин тарыхый ээлик кылып келген жерибиз. Нечен кыргыздын каны төгүлүп, жакалашып жүрүп алган жерибиз, бери жагы жети муун журттун ата конушу. Ал эми Кыргызстандагы тажиктер биздин жарандар, бирок насили келгиндер. Тажик анклавы бизде бар. Биздики – жок.

Эки мамлекеттин саясий режимдери такыр башка.

Кыргызстан эгемендиктин алгачкы он жылдыгында колдо турган саясий, дипломатиялык капиталды ырыстуу пайдалана албады. Ал тургай жер астындагы жана жер үстүндөгү байлыгыбызга ээ боло албай, “жок” дегенден башка айтпай, алигиче жардам сурап отурабыз.

30 жыл ичинде айырмачылык абдан күчөдү. Идеологиялык, маданий айырмачылыктар арбып, ажырым тереӊдеди. Кыйраткан деле окшоштуктар калбаптыр, орток кызыкчылыктар жокко эсе. Моюнга алышыбыз керек. Бул реалдуулук. Иллюзия жакшы жолго салбайт. Утулушка гана алып келет. “Исламчыл” согушкерлерге, уюшкан кылмышка, наркотранзитке каршы күрөштө орток кызыкчылыктарыбыз болууга тийиш. Бул эки өлкөгө гана эмес, региондогу ар бир өлкө үчүн орток кызыкчылык. Бир гана нерсе анык. Бул "коңшум тынч - жаным тынч" деген кеп бизге тике тиешеси бар, бизге биз тууралуу таамай айтылган накыл сөз.

Мына ушунун баарын тереӊ талдап, бекем ойлонуп, ошого жараша кылдат, реалдуу, прагматикалык саясатты акыл менен жүргүзүү зарыл.

Алмаз Кулматов, коомдук ишмер

P.S. Автордун пикири «Азаттыктын» көз карашын чагылдырбайт.
XS
SM
MD
LG