Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:01

Садыр Жапаров: чек ара жаңжалы эки өлкө үчүн сыноо болду


Эмомали Рахмон менен Садыр Жапаров.
Эмомали Рахмон менен Садыр Жапаров.

Дүйшөмбүдө бүгүн, 29-июнда кыргыз-тажик президенттери Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон көзмө-көз, тар чөйрөдө жолугушуп жатат.

Анда Жапаров чек арадагы соңку куралдуу жаңжал эки өлкөнү сынаган окуя болгонун, мындан ары кайталанышына жол берилбеши керектигин айтты.

“Келечекте эки тарап тең куралдуу кагылышуунун кайталанышына жол бербеши керектигин өзгөчө белгилегим келет. Кыргызстан менен Тажикстандын элдери илгертен бери бир тууган эл, кыргыздар менен тажиктер ар дайым ынак коңшулук, достук мамилелерди сактап келишкен”, - деди ал.

“Азаттыктын” тажик кызматы анда Рахмон Кыргызстандын президентин Тажикстанга келгенин кубаттаганын, бирок чек арадагы жаңжал жөнүндө эч нерсе айтпаганын жазды.

Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралуу кагылышта 36 кыргызстандык курман болгон. Тажикстан 19 жараны каза болгонун билдирген. Эки өлкө бири-бирин айыптап, кылмыш ишин козгошкон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG