Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Июль, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 00:00

Жапаровдун Ашхабад сапары, түркмөн газы


Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухаммедов.

Президент Садыр Жапаров расмий сапар менен Түркмөнстанга барды. Бул анын президент катары Түркмөнстанга биринчи жолу барышы. Эки тарап бир катар келишимдерге, документтерге кол коюп, биргелешкен билдирүү кабыл алышты.

Кыргызстан Борбор Азиядагы эң ачык, демократиялуу өлкө болсо, Түркмөнстан, тескерисинче, чөлкөмдөгү, ал түгүл дүйнөдөгү эң жабык, президенттин жеке бийлиги өкүм сүргөн диктаторлук мамлекеттердин бири.

28-июнда Ашхабаддагы Огузхан сарайында президент Садыр Жапаров менен Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухаммедов биргелешкен бизнес-долбоорлорду колдоо үчүн уставдык капиталы 100 миллион долларды түзгөн кыргыз-түркмөн өнүктүрүү фондун түзүү, күз-кыш мезгилинде Кыргызстанга түркмөн газы менен электр энергиясын жеткирүү, Бишкек шаарында кыргыз-түркмөн соода үйүн жана Ысык-Көл облусуна ден соолук чыңдоочу комплекси менен беш жылдыздуу мейманкана куруу боюнча келишимге кол койду. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди.

Мындан тышкары экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты бекемдөөгө, өнүктүрүүгө, кеңейтүүгө жана шайкеш келтирүүгө багытталган 14 документке кол коюлган.

Президент Садыр Жапаров Ашхабадда түркмөн президенти менен жолугушууда мындай деди:

“Кыргыз-түркмөн кызматташтыгы жигердүү өнүгүүдө, биздин өлкөлөрдүн ортосунда эч кандай саясий карама-каршылыктар жок. Кыргызстанда Түркмөнстандын ийгиликтери менен жетишкендиктерине чын жүрөктөн кубанышат. Акыркы жылдары эки өлкөнүн ортосундагы көп кылымдык тарыхка, жалпы каада-салттарга, тектеш тилге жана маданий-руханий мурастарга негизделген достук жана бир туугандык мамилелер узак мөөнөттүү стратегиялык кызматташуунун жаңы деңгээлине көтөрүлдү. Саясий, экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү документтерди камтыган эки тараптуу келишимдик-укуктук база ырааттуу өсүүдө”.

Президент 27-июнда кыргыз-түркмөн экономикалык форумунун ачылыш аземине катышып, Түркмөнстандын мунай-химиялык, газ өнөр жайында жана энергетика тармагында иш алып барган ишканаларын кыргыз рыногуна тартууга кызыкдар экенин билдирди.

Садыр Жапаров түркмөн ишкерлерин Кыргызстанда приоритеттүү деп саналган жеңил өнөр жай тармактарында ишканаларды ачууга жана жергиликтүү ишкерлер менен тажрыйба алмашууга чакырды.

Солгун соода-алака

Жабык өлкө саналган Түркмөнстан менен Кыргызстандын соода жүгүртүүсү өтө төмөн. Экономика жана финансы министрлигинин маалыматына караганда, эки өлкөнүн соода жүгүртүүсү 2020-жылы болгону 11,7 млн. долларды түзгөн. Түркмөнстан 7,1 млн. долларга товарын сатса, Кыргызстан 4,6 млн. долларлык экспорт жасайт. Эки өлкө негизинен айыл чарба, жеңил өнөр жай продукцияларын экспорттошот.

Саясат талдоочу Руслан Акматбек Түркмөнстанга визит чек ара маселесинен улам мамиле сууп турган Тажикстанга сапардын алдында жасалганына көңүл бурууда. Ал сапарды коңшу мамлекеттерди бир сыйра кыдырып, таанышып чыгуу катары баалады:

Руслан Акматбек
Руслан Акматбек

“Тажикстанга барардын алдында атайын Түркмөнстанга сапар менен барды го дейм. Түркмөнстан менен аздыр-көптүр алакабыз бар. Бир региондогу мамлекетпиз. Газ алуу маселеси талкууланат деп жатышат, альтернативдүү булак издегени жакшы. Бирок алардан инвестор күтүү олуттуу эмес да. Түркмөнстанда жеке сектор дээрлик жок. Абдан экономикалык кыйынчылык тартып, ачарчылыкка жакындап калган өлкө Кыргызстанга кантип инвестиция салмак эле? Алардын ийгиликтүү ишкерлери эбак сыртка чыгып кеткен. Ички бизнесин болсо президенттин тууган-уругу көзөмөлдөйт. Өздөрүндө кыйратпаган бизге келип эмнени жасамак эле?"

Түтүк жок түркмөн газы

Кыргызстан менен Түркмөнстандын президенттери кол койгон келишимдердин бири күз-кыш мезгилинде Кыргызстанга түркмөн газы менен электр энергиясын жеткирүүгө байланыштуу.

Президенттин администрациясы түркмөн тарап Кыргызстандын газ боюнча бардык муктаждыктарын канааттандырууга жана техникалык, уюштуруу маселелерин талкуулоого даяр деп билдирди.

Түркмөн президенти "мен дагы бир жолу саясий эркимди баса белгилегим келет, биз бул маселелерге даярбыз" деген.

17-июнда Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Бишкек ЖЭБин газга өткөрүү үчүн Түркмөнстан менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын, президенттин Ашхабадга сапары учурунда бул маселе талкуулана турганын айткан.

Улукбек Марипов
Улукбек Марипов

“Газдын баасы боюнча "Газпром" менен келише алган жокпуз. Анын баасын 175 долларга түшүрсөк дагы биздин экономикалык жагдайга жооп бербейт экен. Эгер 1000 кубу 100 доллардын айланасында болсо көмүрдүн баасы менен туура болот. Азыр газдын баасы көмүрдөн тогуз эсе кымбат болуп жатат. Учурда Түркмөнстан менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Ал өлкөгө президенттин да иш сапары болот”.

Кыргызстан газ соодасы боюнча Өзбекстан менен чечишип, сүйлөшө албай, 2014-жылы "Кыргызгаз" ишканасын "Газпромго" миллиондогон доллар карызы менен чогуу шарттуу түрдө 1 долларга сатууга мажбур болгон.

Өкмөт Түркмөнстандын арзан газын алып келүүнүн жол-жобосун түшүндүрө элек.

Саясатчы Мавлян Аскарбеков дагы бардык газ инфраструктурасы "Газпромдун колундагы Кыргызстан түркмөн газын кантип алып келет деп турат.

“Атамбаев "Кыргызгазды" сатарда ушул маселени көтөргөнбүз. Кийин башка бийлик келгенде Түркмөнстан, Өзбекстандан газ алсак болот деп. Бирок сатып жиберди. Бүгүн биз түркмөндөр менен сүйлөшкөн кезде деле бөлүштүрүүчү компания орустардын колунда. Президент арзан газды сүйлөшүп келген менен деле жеткирүү, бөлүштүрүү кандай болот белгисиз”.

Түркмөнстандан газ алуу буга чейин дагы бир канча жолу көтөрүлгөн. Кыргызстандын аймагы аркылуу өтчү Түркмөнстан-Кытай эл аралык газ куурунан газ алса болору айтылып келет. Бул куурду салуу үчүн 2013-жылдын 11-сентябрында Кыргызстандын өкмөтү менен Кытай өкмөтүнүн ортосунда кол коюлган.

Түркмөнстандан Кытайга көгүлтүр отун ташыган куурдун узундугу миң чакырымдай болот. Анын 400 чакырымы Тажикстандын аймагына туура келсе, 224 чакырымы Кыргызстандын Чоң-Алай району аркылуу өтмөк.

2018-жылы Тажикстан өз аймагы аркылуу Кытайга газ ташыган куур тартыш үчүн 9,5 миң гектар жерин 49 жылга ижарага берген.

Мурдагы экономика министри Базарбай Мамбетов Түркмөнстандан газ алуу иш жүзүндө мүмкүн болгон менен, ишке ашыруу кыйын деп эсептейт.

Базарбай Мамбетов
Базарбай Мамбетов

“Азыр Түркмөнстандан Кыргызстанга жаратылыш газын алып келүүгө мүмкүнчүлүк жок. Темир жол аркылуу вагон менен гана суюлтулган газ алып келе алабыз. Түркмөнстандан Кыргызстандын Чоң-Алайы аркылуу өтчү газ куурунан газ алабыз деген практикалык жактан мүмкүн. Бирок ал долбоор коомчулуктун чочулоосунан кийин токтоп калды. Бул газ куурун куруу жөнүндө Сооронбай Жээнбеков дагы, Садыр Жапаров дагы эч нерсе айта элек. Кытайдын жетекчилиги бул долбоорду жандандырабыз деп аракет кылып жатат”.

"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун түркмөн кызматынын жетекчиси Фарух Юсупов Кыргызстандын жетекчилеринин Түркмөнстандан газ алуу планы тууралуу буларды айтты:

“Газды учак менен алып кете албайсың. Түркмөнстан менен Кыргызстандын ортосунда газ куурлары жок. Учурда Түркмөнстандын курулуп жаткан газ куурлары боюнча чоң көйгөйлөрү бар. ТАПИ деген Түркмөнстан-Ооганстан-Пакистан-Индия газ кууруна чоң каражат салып, бирок ооган жергесиндеги абалдан улам аягына чыкпай турат. Мындан улам Түркмөнстан Кыргызстанга газ куурун салат деп ойлобойм. Ал эми суюлтулган газ Түркмөнстанда андай чоң көлөмдө өндүрүлбөйт”.

Беш жылда башталбаган беш жылдыздуу отель

Президенттер Жапаров менен Бердымухаммедов кол койгон келишимде Ысык-Көл облусуна ден соолук чыңдоочу комплекси менен беш жылдыздуу мейманкана куруу планы дагы бар.

Мындай ниет Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов 2015-жылы Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келгенде да айтылган.

Ошол кездеги президент Атамбаев менен Бердымухаммедовдун жолугушуусунда Түркмөнстан Чолпон-Ата шаарынан алты гектар жер алып, беш жылдыздуу мейманкана салмай болуп, түркмөн чиновниктери Чолпон-Атага чейин барып жерди ылайыктап келишкен.

Ошол мезгилде Ысык-Көл облусунун губернатору болуп турган Эмилбек Каптагаев Түркмөнстандын беш жылдыздуу отель куруу планы жер тактоодон ары өтпөгөнүн эске салды.

Эмилбек Каптагаев
Эмилбек Каптагаев

“2015-жылы делегациясына 2-3 жерди көрсөткөнбүз. Кийин жер бөлүүгө келгенде иш токтоп калган. Өкмөттөгүлөр кошумча шарттарды коюшту деп айтышкан. Кийин эмне болгону тууралуу маалыматым жок. 2016-жылы Көчмөндөр оюндарына президенти келип, ошого алгачкы иштер бүтүп калмак”.

2016-жылы өткөн экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине түркмөн президенти келген эмес.

Талдоочу Чынара Эсенгул кыргыз-түркмөн мамилеси тууралуу "Азаттыкка" маек куруп, чек аралары кесилишпеген, жабык өлкө саналган Түркмөнстан менен жакынкы жылдары деле кызматташтык бекемделип кетпесин айтат.

Чынара Эсенгул
Чынара Эсенгул

"Кызматташтык динамикалуу өнүгүп жатат, жакшы жылыштар бар деп айтуудан алысмын. Мунун негизиги себеби, Түркмөнстан тышкы саясатында эч ким менен өтө жакын мамиледе болбогон турумду карманып келгенинде. Андан тышкары, чек араларыбыз да чектешпейт. Геосаясат, коопсуздук жаатында балким мурда кеңешүүлөр болгон чыгаар. 1990-жылдары Ооганстанда талибдер бийликке келген кезде Түркмөнстан Борбор Азиядагы мамлекеттерден айырмаланып, талибдердин бийлигин тааныган. Мындан аркы кызматташтык жөнүндө айта турган болсом, албетте мамилени чыңдай бериш керек. Ар тараптуу сүйлөшүүлөр, кызматташуулар болууга тийиш. Ошентсе да, Кыргызстан менен Түркмөнстан бири-бирине көз каранды, кызматташууга өтө муктаж деп айта албайм".

Адам укуктары жана жарандык эркиндиктин абалы боюнча Түркмөнстан дүйнөдөгү эң жабык жана репрессивдүү мамлекеттердин катарында турат. «Чек арасыз кабарчылар» уюму Түркмөнстандагы басма сөз эркиндиги Түндүк Кореядан да начар экенин билдирип, бул өлкөнү дүйнө мамлекеттеринин ичинен эң акыркы орунга жайгаштырган. Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов карачечекей уулу Сердарды өзүнүн орун басарлыгына, ошондой эле, Түркмөнстандын Жогорку көзөмөл палатасынын төрагалыгына дайындаган.

Садыр Жапаров Түркмөнстандан дароо Тажикстанга расмий сапар менен барды. Буга чейин ал Орусия, Казакстан, Өзбекстан жана Түркияга барган. Президент Садыр Жапаровдун Түркмөнстанга жана Тажикстанга сапары Ооганстандагы талибдердин таасири күчөп, Борбор Азиядагы мамлекеттердин чек арасына жакын аймактарды көзөмөлгө алып алган мезгилге туш келди. Борбор Азиядагы беш мамлекеттин үчөө Ооганстан менен түз чектешет. Анын ичинде Ооганстан менен Тажикстандын 1200 км, Түркмөнстандын 744 км жана Өзбекстандын 137 км чек ара сызыгы бар. Ооганстан менен Кыргызстандын ортосун Тажикстан гана бөлүп турат.

  • 16x9 Image

    Марат Тагаев

    Марат Тагаев – “Азаттык” радиосунун кабарчысы. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясында магистратураны бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG