Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:16

Түркмөнстан көл жээгине мейманкана курат


Ысык-Көл
Ысык-Көл

Түркмөнстан Чолпон-Ата шаарынан алты гектар жер алып, дарыланып, эс алуучу беш жылдыздуу мейманкана салмай болду.

Түркмөнстан президентинин мамлекеттик сапарынын алкагында Кыргызстанга келген түркмөнстандык ишкерлер Ысык-Көл аймагына барып, беш жылдыздуу заманбап отелге керектүү жерди Чолпон-Ата шаарынан ылайыктап кайтышты. Бул тууралуу “Азаттыкка” өкмөттүн облустагы өкүлү Эмилбек Каптагаев айтып берди.

- Чолпон-Атадан жерди карап келип, президенттерге маалымат бердик. Алар санаторий тибиндеги чоң дарылануучу мекеме жана жанына беш жылдыздуу мейманкана салабыз деп жатышат. Эми алар кетишти, жакынкы күндөрү адистерин күтүп жатабыз.

Отель куруу маселеси Түркмөнстан менен Кыргызстандын президенттеринин 5-августта өткөн кеңири чөйрөдөгү жолугушууларында талкууланып, Гурбангулы Бердымухамедов өз өкүлүн Кыргызстан тарап менен чогуу ылайыктуу жерди аныктоону сунуштаган. Бул маселени эки президент биргелешип билдирүү жасаган учурда да түркмөн президенти Бердымухамедов минтип белгилеген:

- Бүгүн биз ден соолукту калыбына келтирүүчү борбор тууралуу сүйлөштүк. Биринчи кезекте элдин ден соолугун ойлоп жатсак, анын арты менен экономикалык көрсөткүч дагы көтөрүлөт деп ишенем. Ошондой эле региондордун өнүгүүсүнө дагы долбоорлор түрткү болот деп ойлойм.

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Эмилбек Каптагаевдин айтканына караганда, болжолдонуп жаткан бул курулуш үчүн алты гектар жер чектөө каралууда жана курулушту түркмөн тарап толук каржылоо милдетин алып жатат. Каптагаев Чолпон-Атада жакынкы келечекте пайда боло турган ден соолук борбору жыл бою иштей тургандыгы менен өзгөчөлөнөрүн айтты:

- Бизде бир катар санаторийлер бар. Бирок дээрлик бардыгы союз маалында салынып, азыркы заманбап ыкма менен дарылабайт. Ошондуктан, азыркы долбоор буга чейинкилерге салыштырмалуу бир топ айырмаланат деп турабыз. Ошондой эле бул санаторий салынып калса, сезон учурунда гана эмес, жылы бою иштегидей болот.

Мурда кабарлангандай түркмөн президентинин мамлекеттик сапарынын алкагында кол коюлган он беш документтин ичинде туризм жаатындагы кызматташтык тууралуу келишим да бар.

Бердымухамедовдун Бишкек жолугушууларында билдиргенине караганда, ден соолук борборун куруу маселеси кошумча Ысык-Көл облусу жана Балкан велаяты менен кызматташтык тууралуу макулдашууда камтылчудай.

Жаңы мейманкана түркмөн туристтерин тартат

Түркмөнстандын демилгесинен жергиликтүү ишкерлер Кыргызстандагы туризмдин өнүгүшүнө колдоону көрүп жатышат. Кыргызстандын соода-өнөр жай палатасынын жетекчиси Марат Шаршекеев отелдин курулушу эки өлкөнүн туризм жаатындагы кызматташтыгын эле арттырбастан, чет элдик башка туристтердин келишине да өбөлгө болот эле дейт. Ошондуктан алаканы дагы чыңдоо үчүн Ашхабадда форум өткөрүү пландалууда:

- Экинчи форумда биз туризмге багыт жасайбыз. Алар Ысык-Көлгө өз туристтерин жөнөтсө, биз алардын Каспий көлүндөгү абалды байкап көрөбүз. Эки жаатта туристтерди алмашып, үгүттөө иштери башталат деп турабыз.

Мамлекеттик сапардын алкагында Бишкекте эки өлкө ишкерлеринин биринчи форуму өткөн. Анда Ашхабад-Бишкек авиакаттамын ачуу маселеси да талкууланган.

Кошумчалап койчу жагдай, туристтик аймак саналган Ысык-Көлдө кошуна Казакстан президентинин ички башкармалыгына таандык “Казакстан” пансионаты, менчик эс алуучу жайлар, Өзбекстанга тиешелүү "Дилором", "Рохат" өңдүү эс алуучу жайлары бар. Мындан башка Орусиянын бир катар пансионаттары иштеп келет.

XS
SM
MD
LG