Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:40

Беш жылдыздуу мейманкана Чолпон-Атада курулат


Түркмөнстан сунуштаган 5 жылдыздуу мейманканага Чолпон-Атадан жер бөлүнүп берилет. Бул тууралуу “Азаттыкка” өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Каптагаев билдирди. Маалым болгондой, түркмөнстандыктар мейманканага улай дарылануучу жай куруу ниетин билдиришкен.

- Жакынкы күндөрү Түркмөнстандан атайын өкүлдөрдү күтүп жатабыз. Алар курулуштун техникалык негиздемесин жана имараттын долбоорун бизге көрсөтүшөт, - деди Каптагаев.

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлүнүн айтуусунда, эс алуучу жай менен мейманкананы каржылоону түркмөн тарап толугу менен өз мойнуна алышат, келечекте ал жыл бою дарылоочу жайга айланмакчы.

5-августта Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердимухамедовдун Кыргызстанга мамлекеттик иш сапары учурунда түркмөн тарап Ысык-Көлгө 5 жылдыздуу мейманкана курууга ниети бар экенин билдирген. (SDz)

XS
SM
MD
LG