Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:33

Марипов: ЖЭБди газга өткөрүү иши токтоду


Түркмөнстандан газ жана электр энергиясын алуу маселеси боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Мындай маалыматты Министрлер кабинетинин төрөгасы Улукбек Марипов 17-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып айтты.

Депутат Мамасадык Бакиров Бишкек Жылуулук электр борборун газга өткөрүү үчүн Орусиянын “Газпром” компаниясы менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгына кызыкты.

Марипов ЖЭБди газга өткөрүү иши токтогонун билдирди.

“Газдын баасы боюнча келишкен жокпуз. Анын баасын 175 долларга түшүрсөк дагы биздин экономикалык жагдайга жооп бербейт экен. Эгер 1000 кубу 100 доллардын айланасында болсо көмүрдүн баасы менен туура болот. Азыр газдын баасы көмүрдөн тогуз эсе кымбат болуп жатат. Учурда Түркмөнстан менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Ал өлкөгө президенттин да иш сапары болот, - деди Марипов.

Алай жана Чоң-Алай райондорун аралап өтүүчү “Кыргызстан-Кытай” газ куурунан Кыргызстандын түштүк аймактарына көгүлтүр отун алуу маселеси боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы тууралуу 2019-жылы да маалымат болгон.

“Кыргызстан-Кытай” газ түтүк долбоору “Түркмөнстан-Өзбекстан-Тажикстан-Кыргызстан-Кытай” магистралдык газ куурунун бир бөлүгү болуп саналат. Аны куруу боюнча келишимге кыргыз өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын (КЭР) өкмөтү 2013-жылдын 11-сентябрында Бишкекте өткөн Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) саммитинде кол койгон. (MiK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG