Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:11

Алдамчылыкка шектелип кармалган ишкер Балян үй камагына чыкты


Генрих Балян
Генрих Балян

“Карвен групп” компаниялар ассоциациясынын ээси, алдамчылыкка шектелип кармалган ишкер Генрих Баляндын бөгөт чарасы бүгүн, 17-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралды.

Ал 15-августка чейин үй камагында болот.

Буга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Балян мамлекетке 60 миллион сом төккөнүн билдирген.

УКМК ал мамлекеттик үлүшү бар банктардын биринин жооптуу кызматкери менен жең ичинен сүйлөшүп алып, өтпөй турган мүлктү күрөөгө коюп, башка бирөө аркылуу 2,3 миллион долларлык насыя алганын 16-июнда кабарлаган.

Ага карата Жазык кодексинин “Алдамчылык” деген беренесинин негизинде иш козголуп, ишкер 15-июнда атайын кызматтын тергөө абагына камалган.

Балян Венгриянын Кыргызстандагы ардактуу башкы консулу катары да белгилүү.

Азырынча анын жакындары жана жактоочусу комментарий бере элек. (MiK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG