Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:35

Жогорку Кеңеш: кадр дайындоого байланыштуу талаш-талкуу чыкты


Улукбек Марипов
Улукбек Марипов

Министрлер кабинетинин төрөгасы Улукбек Марипов кадр дайындоодо парламент депутаттары кийлигишип жатканын айтып чыкты. Бул тууралуу ал 17-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

“Бардык маселеге Министрлер кабинети күнөөлүү. Бирок кадр маселесине келгенде кийлигишпегиле. Таарынычтар ушундан чыгып жатат. Мына депутат Бактыбек Райымкулов бир кишисин Чүйдүн Панфилов районунун акиминин биринчи орун басары кылып дайындап бер деди. Бирок колуман келген жок. Айрым депутаттар капиталдык салымдарды чечип бер деп жатат”, - деди Марипов.

Жогорку Кеңештин “Республика - Ата Журт” депутаты Бактыбек Райымкулов бул маселе менен Мариповго телефон чалганын бышыктады. Бирок ал Мариповду кадр маселесинен биринчи сугат, кымбатчылык көйгөйүн чечүүнү талап кылды.

Бир катар депутаттар дагы Мариповдун "сырттан кадр дайындоого кийлигишет" деген сөзүн сындап чыгышты.

Министрлер кабинетиндеги соңку кадрдык жүрүштөр социалдык тармактарда кызуу талкууга алынган. (MiK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG