Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:03

Марипов: Азык-түлүк коопсуздугуна коркунучту ачык айтып жатабыз


Улукбек Марипов.
Улукбек Марипов.

Кыргызстанда азыр азык-түлүк коопсуздугуна коркунуч бар. Бул тууралуу 17-июнда парламентте депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов билдирди.

Ал азык-түлүктүн көбү сырттан импорттолорун белгилеп, алдын алуу иштери жүрүп жатканын айтты:

“Коркунуч бар. Муну биз жашырбай айтып жатабыз. 750 миң тонна ун камсыздасак, ошонун дээрлик 50% биз импорт менен алабыз. 105 миң тонна кант керектесек, анын 50 миң тоннадайын өзүбүз өндүрөбүз, калганын импорт алабыз. Өсүмдүк майын 85% импортко алабыз. Быйыл кант кызылча аянтын көбөйттүк эле, тилекке каршы, суу жетпей, бул маселе эми аягына чыкпайт. Бирок биздин максат – комплекстүү чечимдерди кабыл алуу. Жашыл экономика аркылуу көп инвесторлорду азык-түлүк коопсуздук маселесине бурушубуз керек. Кышка карата азык-түлүк топтоп жатабыз”.

Кыргызстанда азык-түлүк, кара май жана башка продукция улам кымбаттоодо. Чүйдө сугат суу жетишпей, дыйкандар эмгеги текке кеткенин айтып жатышат.

Парламентте бүгүн Министрлер кабинетинин төрагасына ишеним көрсөтпөө демилгеси көтөрүлдү. Марипов кызматтан кетүүгө даяр экенин, бирок андан маселе чечилбей турганын билдирди. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG