Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:38

"Кумтөр иши": Узакбаев менен Баатырбеков үй камагына чыкты


Талантбек Узакбаев.
Талантбек Узакбаев.

"Кумтөр иши" боюнча камалган Жогорку Кеңештин мурдагы эки депутаты Талантбек Узакбаев менен Алмазбек Баатырбеков тергөө менен кызматташуу тууралуу тил катка кол коюп бергенине байланыштуу үй камагына бошотулду.

"Азаттыкка" маалым болгондой, экс-депутаттар мамлекеттик бюджетке ондогон миллион сом каражат да төгүп бермей болушкан.

Июндун башында Узакбаев менен Баатырбековду Бишкек шаардык Биринчи май райондук соту эки айга Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин тергөө абагында камоо чечимин чыгарган эле.

Кумтөргө байланыштуу буга чейин депутаттар Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров, мурдагы депутаттар Исхак Пирматов, Талант Узакбаев, Алмазбек Баатырбеков жана экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов, президенттин мурдагы аппарат башчысы Данияр Нарымбаев камалган. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG