Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:42

Кыргызстанда коронавирус жуккан медкызматкерлер беш миңден ашты


Кыргызстандагы ооруканалардын биринде дарыгер бейтаптын сатурациясын текшерип жатат. Бишкек. Апрель, 2021-жыл.
Кыргызстандагы ооруканалардын биринде дарыгер бейтаптын сатурациясын текшерип жатат. Бишкек. Апрель, 2021-жыл.

Кыргызстанда акыркы бир суткада 35 медициналык кызматкерден коронавирус аныкталды. Бул акыркы айлардагы эң чоң көрсөткүч.

Жалпысынан COVID-19 менен 5 004 медициналык кызматкер катталды, алардын 4 710у айыгып чыкты.

8-июнга карата расмий эсепте оору жуккан медкызматкерлердин 100дөн ашыгы каза болду.

Өкмөт каза болгон медицина кызматкерлеринин үй-бүлөсүнө 1 миллион сомдон, ооруну жугузуп алгандарга 200 миң сомдон төлөп келе жаткан. Быйыл ал сумма 75 миң сомго төмөндөтүлдү.(BTo)

XS
SM
MD
LG