Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:47

Жыл башынан бери адам уурдоо боюнча 200гө жакын факты катталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев Жогорку Кеңештин 16-июндагы жыйынында Кыргызстанда жыл башынан бери адам уурдоо боюнча 196 кылмыш иши катталганын айтты.

Анын ичинен кишини уурдоо боюнча 68 факты, калганы никеге туруу максатында ала качуу (ред: кыздарды уурдоо Жазык кодексинин "Никеге туруу максатында ала качуу" беренеси менен териштирилет). Жазык кодексинин 170-беренеси (“Адам уурдоо”) менен катталган 68 иштин ону боюнча иш тергөөдө. 54ү кыскартылып, төрт иш сотко өткөн.

Бул маселе 31-майдан бери дайынсыз болуп жаткан “Сапат” билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инандыга байланыштуу окуядан кийин козголду. Милиция фактыга байланыштуу "Адам уурдоо" беренеси менен кылмыш ишин козгогон.

Адам уурдоо боюнча коомчулукта резонанс жараткан дагы бир иш киши колдуу болгон Айзада Канатбекованы окуясы болуп калды. Аны Бишкекте быйыл 5-апрелде бир нече адам күчтөп машинеге салып кеткен. Эки күндөн кийин кыздын жана аны уурдаган кишинин сөөгү Бишкектин четиндеги Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаадагы автоунаадан табылган.

Бишкек шаардык милициясы 36 жаштагы Замирбек Теңизбаев алгач кызды футболка менен муунтуп өлтүрүп, андан кийин өзүнө бычак сайып жанын кыйганын билдирген. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG