Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:25

Министрлер кабинети парламентте сугат суу тууралуу маалымат берет


Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

Министрлер кабинети парламенттин 17-июндагы жыйынында сугат маселеси жана антикризистик чаралар боюнча маалымат берет. Мындай чечим Жогорку Кеңештин 16-июндагы жалпы отурумунда кабыл алынды.

Жыйында бир нече депутат өлкөдө сугат суунун тартыштыгына дыйкандар нааразы болуп жатканын айтып, азык-түлүк коопсуздугуна коркунуч жаралганын билдиришти. Алар буга байланыштуу аткаруу бийлигинин маалыматын угууну сунуштап, Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун келишин талап кылышты.

Чүй облусунун Жаңы-Жер, Жаңы-Пахта, Төмөнкү Чүй жана Камышанов айыл өкмөттөрүнүн дыйкандары сугат суу тартыштыгын айтып, 14-июнда Министрлер кабинетинин алдына нааразылык акцияга чыгышкан. Алар суу бөлүштүрүүдө башаламандык болуп, жергиликтүү бийлик кырдаалды көзөмөлдөбөй жатканына арызданышкан.

Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин Мамлекеттик суу ресурстар агенттигинин орун басары Абдыбай Жайлообаев кышында кар аз жаагандыктан, сугатка суу тартыш болуп жатканын билдирген. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG