Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:03

Мал-жандыкты сыртка сатууга коюлган чектөө алынмай болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өкмөт сатыкка мал баккан фермерлерге экспортко кайрадан уруксат бермей болууда. Бул тууралуу 16-июнда Бишкекте өткөн маалымат жыйынында айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министринин орун басары Илич Марсбек уулу билдирди.

Анын айтымында, айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн сыртка сатууга тыюу салган токтомго өзгөртүү киргизилгени жатат:

“Анын ичинде тоют өсүмдүктөрү, буудай, арпа сыяктуу продукцияларды экспорттоого тыюу салган токтомдун мөөнөтүн узартып жатабыз жылдын аягына чейин. Мал экспортуна тыюуну алып салабыз, башкача айтканда, 8-июлдан баштап малды сыртка сатууга уруксат берилет деп күтүлүп жатат”.

2020-жылдын күзүндө Кыргызстанда эт өтө кымбаттап кетип, өкмөт айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн, анын ичинде мал-жандыкты Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) бажы аймагынын чегинен тышкары ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салган. Тыюу салынган мөөнөт кийин узартылып, 8-июлга чейин деп белгиленген. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG