Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:51

Бишкекте вице-мэрлер алмашты


Бишкек мэриясы.
Бишкек мэриясы.

Бишкек шаарында вице-мэрлер алмашты. Мэриянын басма сөз кызматы 16-июнда кабарлагандай, биринчи вице-мэр Алмаз Бакетаев башка ишке өткөнүнө байланыштуу жумуштан кетти.

Анын ордуна вице-мэрлик кызматты аркалап келген Жамалбек Ырсалиев дайындалды, ал буга чейинкидей эле турак жай-коммуналдык чарба маселелерин тейлейт.

Максатбек Сазыкулов экономика жана каржы маселелери боюнча вице-мэр болду. Буга чейин ал Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунда департамент башчысы болуп иштеп жаткан.

Бишкек мэриясында биринчи вице-мэрден тышкары ар бир багытты тейлеген төрт вице-мэр бар. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG