Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:45

Министрлик сабиздин кымбаттаган себебин түшүндүрдү


Бишкектеги дүкөндөрдүн биринде сатылып жаткан сабиз. 2021-жылдын 15-июну.
Бишкектеги дүкөндөрдүн биринде сатылып жаткан сабиз. 2021-жылдын 15-июну.

Кыргызстанда сабиз кымбаттап кетиши сезондук гана көрүнүш. Бул тууралуу 16-июнда Бишкекте өткөн маалымат жыйынында айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министринин орун басары Илич Марсбек уулу билдирди.

Анын айтымында, быйыл сабиздин айдоо аянты былтыркыдан көбүрөөк, июлда түшүм жыйналганда баа турукташат.

Министрдин орун басары сабиз кымбаттаганы ага сыртта болгон суроо-талап көбөйгөнүнө байланыштуу экенин билдирип, “2015-жылы Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) кошулганда дыйкандар өстүргөн продукциясын жакшы жана татыктуу баада сатууга мүмкүнчүлүк ачылганын” белгиледи:

“2020-жылы беш ай ичинде 13 миң тонна сабиз экспорттолгон болсо, 2021-жылдын беш айында 31 миң тонна, 2,5 эсе көп сабиз экспортко жиберилди. Дыйкан-фермерлерибиз татыктуу деңгээлде пайда таба баштаганда гана биздин айыл чарба тармагыбыз өнүгөт. Бирок бир четинен шаарларда баанын өсүп кетиши маселе жаратып жатат. Быйыл ала турган түшүм жакшы болгону жатат. Июлдун башы менен түшүм жыйноо иштери башталганда сабиздин, картошканын жана азыр кымбаттап кеткен айыл чарба продукциясынын баасы ылдыйлайт деп күтүп жатабыз”.

Кыргызстанда соңку күндөрү жашылча-жемиш кымбаттап, 20-30 сомдун тегерегинде сатылып жаткан сабиздин баасы 100-120 сомго чыккан.

ЕАЭБ 2010-жылы Беларустун, Казакстандын жана Орусиянын Бажы биримдиги катары түзүлгөн. Кийин 2015-жылы бул уюмга Армения менен Кыргызстан кошулган. Кыргыз өкмөтү ЕАЭБге мүчө болгондо төрт эркиндик берилерин, алар - жарандардын, товардын, тейлөө кызматтарынын жана капиталдын беш өлкө аймагында тоскоолдуксуз жүрүшү экенин жарыялаган.

Уюмдун ичинде фитосанитардык нормалар жана талаптар бар. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG