Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:56

Кыргызстандын мамлекеттик карызы беш миллиард долларга чамалады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Экономика жана финансы министрлигинин маалыматына ылайык, мамлекеттин жалпы карызы (ички жана тышкы карыз) 30-апрелге карата 4 миллиард 933,6 миллион долларга жетти.

Анын ичинен 4 миллиард 182,95 миллион доллар тышкы, 750,11 миллион доллар ички карыз.

Ушул жылдын январь-май айларында мамлекеттик карызды төлөө үчүн бюджеттен 13 миллиард 178,1 миллион сом бөлүнгөн. Анын 8 миллиард 340,7 миллион сому тышкы, 4 миллиард 837,4 миллион сому ички карызды тейлөөгө кетти.

Кыргызстандын тышкы карызынын 1,7 миллиард доллары Кытайдын Экспорттук-импорттук банкына туура келет. Насыянын көбү Бишкек жылуулук электр борбору (ЖЭБ), “Түндүк- Түштүк” альтернативдүү жолу жана “Датка-Кемин” электр чубалгысы сыяктуу долбоорлорду ишке ашыруу үчүн алынган.

Тышкы карыздын негизги суммасын төлөө 2023-2028-жылдарга туура келет. Бул убакыт аралыгында Кыргызстан жыл сайын тышкы карыз үчүн 350 миллион доллардан 400 миллион долларга чейин бөлүп турушу керек. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG