Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:47

Кыргызстан тышкы карыздын негизги суммасын 2023-жылдан тарта төлөп баштайт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Быйыл январь жана февраль айларында Кыргызстан 5 млрд. 457,8 млн. сом мамлекеттик (ички жана тышкы карыз) карызын төлөдү.

Анын ичинен 3 млрд. 49,4 млн. сом тышкы карызды, 2 млрд. 408,4 млн. сом ички карызды жабууга жумшалды.

Экономика жана финансы министрлигинин маалыматына ылайык, өлкөнүн жалпы карызы (ички жана тышкы карыз) 31-январга карата 4 млрд. 954,11 млн. долларга жетти. Кыргыз сому менен эсептегенде 420 млрд. 108,67 млн сом.

Мунун 85,2% же 4 млрд. 221,61 млн. доллары (357 млрд. 992,44 млн. сом) тышкы, 14,8 % же 732,50 млн. доллары (62 млрд. 116,23 млн. сом) ички карыз.

Экономика жана финансы министрлиги тышкы карыздын негизги суммасын төлөө 2023-2028-жылдарга туура келе турганын билдирди. Бул убакыт аралыгында Кыргызстан жыл сайын тышкы карыз үчүн 350 млн. доллардан 400 млн. долларга чейин бөлүүгө туура келет.

Тышкы карыздын көбүн Кытайдын Экспорттук-Импорттук банкынан (Эксимбанк) алынган насыя түзөт. Президент Садыр Жапаров 15-мартта «Азаттыкка» курган маегинде карыз келишимде каралгандай өз убагында төлөнбөсө, айрым объекттер Кытайдын башкаруусуна өтөрүн билдирген.

Өлкө башчынын сөзүнө караганда, алар Бишкек жылуулук электр борбору (ЖЭБ), «Түштүк-Түндүк» альтернативдүү жолу жана «Датка-Кемин» электр чубалгысы. Кыргызстан Кытайдан насыялардын көбүн ушул долбоорлорду ишке ашыруу үчүн алган.

Садыр Жапаров Кыргызстандын тышкы карыздан өз мөөнөтүндө кутулуу үчүн ишенимдүү каржы булактары бар экенин айтты. (BTo)

XS
SM
MD
LG