Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Сентябрь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 08:53

Пашинянды алгачкы армян президенти сынга алды


Левон Тер-Петросян жана Никол Пашинян. Ереван шаары, 2011-жыл.

Армениянын туңгуч президенти Левон Тер-Петросян азыркы премьер-министр Никол Пашинянды токтоосуз кызматтан кетүүгө чакырды.

Учурда "Армян улуттук конгрессин" жетектеген Левон Тер-Петросян "Пашинян өз ыктыяры менен кызматтан кетиши керек, ага парламент тарабынан кол тийбестиктин укуктук кепилдиги берилиши зарыл жана ал өлкөдөн жок дегенде убактылуу чыгып кетиши абзел", - деди.

"Ilur.am" интернет басылмасында жарыяланган макаласында 76 жаштагы мурдагы президент Тер-Петросян "эгер ушул кадамдар жасала турган болсо, анда кайсы бир бейтарап вице-премьер өкмөт башчынын милдетин аткаруучу болуп, кезексиз парламенттик шайлоону уюштурууда бейтараптуулукту сакташы керек" деп жазган.

Левон Тер-Петросян. Ереван шаары, 2015-жыл.
Левон Тер-Петросян. Ереван шаары, 2015-жыл.

Армян аскерлери былтыр күзүндө Азербайжанга каршы Тоолуу Карабак үчүн салгылашууда жеңилүү ызасын тарткандан кийин оппозиция Пашиняндын кызматтан кетишин талап кылууда.

Оппозициялык партиялардын коалициясы Пашинянды бийликти убактылуу өкмөткө өткөрүп берүүгө мажбурлоо максатында Ереванда жана өлкөнүн башка аймактарында өкмөткө каршы ири нааразылык акцияларын өткөрүп келет.

Ал эми Пашинян кызматтан кетүүдөн баш тартып, бирок белгилүү бир шарттар менен мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоону кабыл алууга макул экендигин кыйыткан.

Тер-Петросян 1991–1998-жылдары президент болгон. Демек, анын бийлигинин тушунда армян аскерлери Азербайжандын ичиндеги айрым аймактарга көзөмөл кылып калган болчу.

Ал оппозициядагы “Мекенди куткаруу” кыймылынын лидери жана 1996-жылы өткөн президенттик шайлоодо атаандаш болуп чыккан Вазген Манукяндын өкмөт башчы Пашиняндын алдыдагы шайлоо процессин көзөмөлдөө үчүн премьер-министрдин милдетин аткарып кала бериши - кабыл алынгыс экендиги тууралуу пикирин жактаарын да кошумчалаган.

"Ал жана анын командасы административдик ресурстарга көбүрөөк таянат жана шайлоонун жыйынтыгын өз пайдасына колдонот. Административдик ресурстарды кеңири колдонуу, бардык шайлоо тилкелерин "чыңалуу очогуна" айлантышы мүмкүн. Мындай учурда биз Армениянын тарыхындагы эң маскара шайлоого күбө болобуз деп ишенем. Бул Армениянын мамлекеттүүлүгүнүн аякташына алып келиши мүмкүн", - деп билдирди Тер-Петросян.

Анын мындай дооматтарын Пашинян жана анын саясий командасынын мүчөлөрү кескин түрдө четке какты.

"2018-жылы эркин жана акыйкат шайлоону уюштурган Армениянын бирден-бир саясий командасы катары тарыхый тажрыйбабыз бар. Шайлоонун жыйынтыгына таасир этүүгө аракет кылган жокпуз", - деп билдирди Никол Пашиняндын тарапташтары.

Ал арада Армениянын куралдуу күчтөрү 16-мартта ири масштабдуу аскердик машыгууларды баштады. Өлкөнүн Коргоо министрлиги машыгууларга 7500дөн ашуун аскер, 200дөй ракеталык-артиллериялык курал, 100дөй бронетехника, 90дон ашык абадан коргонуу техникасы тартыларын жарыялады.

Армениялык аскерлер. 9-март, 2021-жыл.
Армениялык аскерлер. 9-март, 2021-жыл.

Министрлик ошондой эле машыгуулар "аскерлердин даярдыгын текшерүү" максатында уюштурулганын кабарлады.

"Ар бир аскердик машыгуунун өзүнүн так максаты бар, аскерлердин коргонуу жөндөмүн текшерүү, колубуздагы ресурстарды толук пайдалануу зарыл. Учурда Армениянын Коргоо министрлиги жана Куралдуу күчтөрү кырдаалды көзөмөлдөп турат" деп жазылат билдирүүдө.

Ал эми бул машыгууларда аскердик дрондор колдонулабы же жокпу так айтылган жок. Бирок акыркы эки жуманын ичинде Армениянын технологиялык өнөр жай министри Хакоб Аршакиян "Фейсбук" жана "Твиттер" баракчаларында Арменияда жасалган аскердик дрондордун сыноолору маалында тартылган видеолорду жарыялап келет. Министрдин айтымында, бул дрондор 500 чакырымга чейинки аралыкта иштеп, 12 килограммга чейин жардыргыч заттарды көтөрө алат.

Ошол эле учурда, 15-мартта Азербайжандын Куралдуу күчтөрү да машыгууларын баштады. Ага 10 миңдей аскер, 100дөн ашык танк, 30дай аскердик учактар жана дрондор катышып жатат. Расмий Баку өткөн аптада "машыгуулар тактала элек тоолуу аймактарда өтөт" деп билдирген.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова 12-мартта Азербайжандын аскердик машыгуулары алдын-ала пландаштырылганын жана бул «аймактагы туруктуулукка жана коопсуздукка» доо кетирбестигин билдирди.

Анн Линде жана Армениянын тышкы иштер министри Ара Айвазян. 16-март.
Анн Линде жана Армениянын тышкы иштер министри Ара Айвазян. 16-март.

Эки өлкөнүн аскердик машыгуулары Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) учурдагы төрайымы Анн Линденин аймакка жасаган иш сапары учурунда өтүп жатат. Ал Бакуда президент Илхам Алиев менен 15-мартта жолукту. 16-мартта Ереванга келип, Армениянын жогорку жетекчилери менен жолугушуп, коопсуздук маселелерин талкуулайт.

Эки мамлекет ортосунда былтыр күзүндө Тоолуу Карабак үчүн алты аптага созулган куралдуу жаңжал орун алган. Бул согуш Азербайжандын, Армениянын жана Орусиянын жетекчилиги кол койгон атышууну токтотуу тууралуу үч тараптуу келишимден соң жыйынтыкталган. Ал учурда Тоолуу Карабактын чет жакаларындагы үч район кайра Азербайжанга кайтарылып, аймакка тынчтык орнотуу күчтөрү катары Орусиянын аскерлери киргизилген. Куралдуу кагылыштын жыйынтыгында миңдеген аскерлер курман болгон.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG