Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:35

Президент: Тышкы карызды төлөө үчүн ишенимдүү булактарыбыз бар


Садыр Жапаров
Садыр Жапаров

Президент Садыр Жапаров 15-мартта «Азаттык» радиосуна берген экслюзивдүү интервьюсу маалында Кыргызстан Кытайдын Экспорттук-Импорттук банкынан (Эксимбанк) алган насыяны келишимде каралган убагында төлөбөсө айрым объекттер Кытайдын башкаруусуна өтөөрүн билдирди.

Өлкө башчынын сөзүнө караганда, алар Бишкек жылуулук электр борбору (ЖЭБ), «Түштүк-Түндүк» альтернативалык жолу жана «Датка-Кемин» электр чубалгысы. Садыр Жапаров бул объекттер карызды жабууга жетпей калса Кытай тараптын андан башка да объекттерди алууга укуктары бар экенин айтты, бирок, алар кайсы объекттер экендигин мамлекет башчысы тактаган жок.

Президент мындай келишимге мурдагы бийлик кол койгонун, өз убагында келишимди андан жумшагыраак түзгөнгө мүмкүнчүлүк болгонун айтып, Кыргызстан тышкы карызды азыркы тапта өз убагында кайтарып жатканын жана мындан ары дагы өз маалында төлөй турганын кошумчалады.

«Бул долбоорду мен алам дейт. Мисалы, ЖЭБ, «Түштүк-Түндүк» жолу, «Датка-Кемин». Ошолорго алганбыз да баарын. Эгер убагында төлөй албай калсак, анда башкаруу ошол тарапка өтүп кетет деп кол коюлуп калыптыр. Алар жетпесе андан башкасын деле алганга укуктары бар. Биз карызды өз убагы менен төлөп берип жатабыз. 2020-жылы 31-декабрга чейин 30 млн. доллар төлөшүбүз керек болчу. Аны төлөп бердик. Каржы булактарын таап, ар жак-бер жактан кылып жатып төлөдүк. Быйыл деле жыл аягына чейин жеңил төлөп кетүү үчүн ишенимдүү булактарыбыз бар», - деди Жапаров.

Бирок президент ал кайсы каржы булактары экендигин ачыктаган жок.

Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүндөгү жогорку чыңалуудагы электр зымдарын туташтырган «Датка-Кемин» линиясы 2011-жылы башталып, 2015-жылдын август айында ишке берилген. «Датка-Кемин» линиясын ишке ашырыш үчүн Кытайдын Эксимбанкынан 389 млн. доллар насыя алынган. Андан мурун «Датка» көмөк чордонун курууга 204 млн. доллар насыя алынган.

ЖЭБди оңдоого Кытай Бишкекке 386 млн. доллар карыз берген. Бул боюнча келишим 2013-жылы түзүлүп, модернизация 2017-жылы бүткөн. «Түштүк-Түндүк» альтернативалуу жолун куруу долбооруна 850 млн. долларга келишим түзүлгөн. Анын курулушу 2014-жылы башталган, иш 2022-жылы бүтөрү айтылган.

2020-жылдын 31-декабрына карата Кыргызстандын жалпы мамлекеттик карызы 4 млрд. 928,67 млн. долларды түздү. Мунун ичинен 4 млрд. 220,31 млн. доллар (85,44%) тышкы карыз, 708,36 млн. доллар (14,4%) ички карыз. Эң көп карыз Кытайдан алынган. Ал тышкы карыздын 41,8% түзөт.

Президент Садыр Жапаров 15-мартта «Азаттык» радиосуна курган маегинде конституциялык реформа, парламентаризм, Жогорку Кеңештин ишмердиги, ички - тышкы саясат, экономиканын абалы, тышкы карыз, адам укуктары сыяктуу бир катар суроолорго жооп берди. (BTo)

XS
SM
MD
LG