Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:28

УКМК: Өлкөдөн 60 млрд. сомду мыйзамсыз чыгарууга катышкан адам изделүүдө


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет издөө жарыялаган шектүү Бахтияр Жолдошбаев
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет издөө жарыялаган шектүү Бахтияр Жолдошбаев

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Кыргызстандан 59,5 млрд. сомду мыйзамсыз чыгарып кетүүгө катышкан деген шек менен Кыргызстандын 48 жаштагы жараны Бахтияр Жолдошбаевге издөө жарыялады.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык бул кылмыш иши Жазык кодексинин 319-беренеси («Коррупция») менен иликтенип жатат.

УКМК издөөдө жүргөн Бахтияр Жолдошбаевдин жүргөн жери жөнүндө кандайдыр бир маалымат болсо атайын кызматтын нөөмөт бөлүмүнө кабарлап коюуну суранды.

Телефон номурлары: 0312-62-05-85, 0312-66-04-75, 0555-55-30-46.

УКМК өлкөдөн 59,5 млрд. сомду салык төлөбөй сыртка чыгаруу ишине шектүү катары 2-мартта Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясы) Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын жетекчиси К.Н. аттуу жаранды кармаган. Ал учурда Финансы полициясы жоюла элек болчу. Аталган кызматтын жетекчиси Казабеков Нурлан экени такталган.

Атайын кызмат бул схема менен 2020-жылдын март айынан октябрга чейин Кыргызстандан 59,5 млрд. сом сыртка чыгарылып, андан 500 млн. сомдон ашык салык бюджетке түшпөй калганын кабарлаган. (BTo)

XS
SM
MD
LG