Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:05

Ташиев УКМКга каршылык көрсөтүп кармалгандардын жазасын карап көрүүгө убада берди


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Самаркандек айылында эл менен жолугушууда. 2021-жылдын 15-мартты.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Самаркандек айылында эл менен жолугушууда. 2021-жылдын 15-мартты.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Баткен районунун Самаркандек айылында атайын кызматтын операциясына куралдуу каршылык көрсөткөн маалда кармалган шектүүлөрдүн жазасын жеңилдетип берүүгө аракет кылаарын айтты. Бул тууралуу Ташиев Баткендин Самаркандек айылында жергиликтүү тургундар менен жолугушуусунда билдирди.

«Алар деле өзүбүздүн балдарыбыз. Алыстан келген баскынчылар эмес. Бирок, аларга туура түшүндүрүп айтып, жеткириңиздер. Мындан кийин андай болбосун! Облус прокурору, УКМК, ИИБнин башчысы отурат. Ушул кишилерден мен суранамын, айтамын. Мыйзам бузган балдардын жазасын силер сурангандай жеңилдетип бергенге аракет кылам. Бирок, мындан кийин андай болбосун. Мындан кийин мамлекеттин коопсуздугуна коркунуч келтире турган болсо бардык чараларды көрөбүз», - деди Ташиев.

Самаркандек айылындагы Ташиевдин эл менен жолугушуусунда жергиликтүү тургундар кармалгандардын окуясы үчүн кечирим сурап, атайын кызматтын башчысынан жазасын жеңилдетип берүүнү өтүнүштү.

Баткенде 11-мартта аткезчиликке каршы операция учурунда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) 2 кызматкери жеңил жараат алган. УКМК атайын кызматтын өкүлдөрү Баткен районунун Самаркандек айылында ыкчам тергөө иш-чараларын аткарып жатышкан учурда Маширап Абдусаламов аттуу тургун баштаган 20дан ашуун адам контрабандалык жүктүн кармалышына каршылык көрсөтүп, курал колдонушкан деп билдирген.

15-марттан 18-мартка чейин Тажикстандын Согд облусуна караштуу Кожент шаарында Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттөр аралык комиссиясы чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кезектеги жыйынга чогулат.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы кабарлады. Кыргыз тараптын делегациясына УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жетекчилик кылат. Ал эми тажик тараптан бул өлкөнүн атайын кызматынын башчысы Саймумин Ятимов катышат. Бул - эки мамлекеттин атайын кызматынын жетекчилери катышкан чек ара боюнча алгачкы жолугушуу. (TSh)

XS
SM
MD
LG