Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:02

Казакстандык диджей Иманбек Зейкенов Grammy сыйлыгын алды


Иманбек Зейкенов
Иманбек Зейкенов

Казакстандык 20 жаштагы диджей Иманбек Зейкенов дүйнөлүк абройлуу Grammy музыкалык сыйлыгына ээ болду. Ал сыйлыкты америкалык рэпер SAINt JHN Roses композициясынын ремикси үчүн алды.

“Музыканттын карьерасында эң жакшы учур Grammy сыйлыгына ээ болуу, биз муну жасай алдык”,-деп жазды Иманбек “Инстаграммдагы” баракчасында.

Зейкенов атактуу болгонго чейин Павлодар облусунда темир жолчу болуп иштеп, бош убагында музыкага кызыгып келген. Ал жасаган ремикс YouTube хостингинде миллиондогон көрөрманга жагып, былтыр майда британ хит-параддарында биринчи болгон. Мындан соң Иманбек дүйнөлүк атактуу ырчылар менен кызматташа баштаган.

Иманбек Зейкеновду сыйлыкты утушу менен казак президенти Касым-Жомарт Токаев куттуктаганы кабарланды. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Берик Уали билдирди.

63-жолку Grammy сыйлыгын тапшыруу салтанаты Лос-Анжелесте өттү. Пандемияга байланыштуу аземге көрөрмандар киргизилген жок.

“Жылдын мыкты ыры” АКШда полиция тарабынан өлтүрүлгөн афроамерикалык Жордж Флойддун жаркын элесине арналган ырчы H.E.R аткарган "I Can't Breathe" (Дем жетпей жатат) аттуу чыгарма аталды. Ал эми америкалык ырчы Бейонсе быйыл бир нече номинация боюнча мыкты деп табылып, айым ырчылар арасында эң көп Grammy сыйлыгынын ээси болду. Ал эми америкалык дагы бир ырчы Билли Айлиш "Everything I Wanted" деп аталган ыры менен “Эң мыкты үн жазуу” деп аныктылды.

Grammy жылдын эң башкы музыкалык сыйлыгы болуп саналат. Номинанттар былтыр ноябрь айында аныкталган. АКШдагы коронавируска байланыштуу кырдаалдан улам быйыл январда өтчү азем мартка жылдырылган.

XS
SM
MD
LG