Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:34

Суваналиев: Баткенде чек аранын жабык турганына кызыкдар күчтөр бар (видео)


Өмүрбек Суваналиев.
Өмүрбек Суваналиев.

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев чек аралардын жабылышынан аткезчилик кылып, баңгизат ташыган туруктуу системадан пайда көргөн күчтөр абалды чыңалтууга кызыкдар деп билдирди. Суваналиев мындай пикирин «Азаттыкка» берген маегинде айтты.

«Баткен облусунда чек аралардын жабылышынан чоң күчтөр пайда көрөт. Аткезчилер, мафия, баңгизат ташыгандар бар. Бул аябай туруктуу схема. Саботаж кылган күчтөр да бар. Анткени өткөрмө бекеттер жабык турса буларга ыңгайлуу. Аткезчилик менен киреше табышат. Андыктан алар бизге каршылык көрсөтүшөт. Медиа каражаттарына, социалдык тармактарга чыгып жамандап жаткандарды чагымчыл күчтөр десек болот», - деди.

16-мартта өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев менен Тажикстандын Согди облусунун башчысы Раджоббой Ахмадзода жолугуп, Лейлек районундагы “Кулунду” жана “Кайрагач” көзөмөл өткөрүү бекетин ачууну сүйлөшүшөт. Бул өткөрмө бекеттер пандемиядан улам жабылган. (JsA/TSh)

XS
SM
MD
LG