Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:43

«Кыргызстан» фракциясын Бейшеналы Нурдинов жетектей баштады


Бейшеналы Нурдинов.
Бейшеналы Нурдинов.

Жогорку Кеңештеги «Кыргызстан» фракциясынын лидери алмашып, Нурбек Алимбековдун ордуна Бейшеналы Нурдинов шайланды. Нурдинов «Азаттык» радиосуна анын талапкерлигин 18 депутаттын он экиси колдогонун билдирди.

«Алимбеков парламенттеги комитеттердин (Айыл чарбасы боюнча комитет - ред.) бирин жетектейт. Мыйзам боюнча бир эле маалда фракцияны да жетектей албайт экен. 12-мартта жыйын болгон жок, кол койдуруу менен тандалдым», - деди Нурдинов.

Фракцияда лидер алмашканы боюнча «Кыргызстан» партиясынын лидери Канатбек Исаев комментарий бере элек. Парламентте «Кыргызстан» партиясы башкаруучу коалицияга кирет. Депутаттарынын саны боюнча (18 мандат) беш фракциянын ичинен үчүнчү орунда турат.

«Кыргызстан» партиясы 2020-жылдын октябрында өткөн парламенттик шайлоодо "Биримдик", "Мекеним Кыргызстан" партияларынан кийинки үчүнчү орунду алган. Түптөөчүлөрүнүн бири - "АЮ Холдинг" ассоциациясынын негиздөөчүсү, депутат Шаршенбек Абдыкеримов.

Бейшеналы Нурдинов - ишкер, Ат-Башы районунда туулган. (TSh)

XS
SM
MD
LG