Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:39

Сургутта өрттө чарчап калган эки баланын сөөгү Кыргызстанга жиберилет


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Орусиянын Сургут аймагында менчик үйдөн чыккан өрттө чарчап калган 5 жана 8 жаштагы эки баланын сөөгүн 16-мартта Кыргызстанга жиберишет. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Югра аймагында жарыяланган "Ugra news" порталынын маалыматына караганда Сургуттагы "Здоровье" кооперативинин Бурсничная көчөсүндө жайгашкан үйдөн 11-марттын таңында өрт чыккан.

Өрттөн беш жана сегиз жаштагы бир кыз, бир уул уктап жаткан бойдон жан берген.

Окуя боюнча кылмыш иши ачылып, өрттүн себептери иликтенүүдө.
Кыргызстандан Орусияга иш издеп кеткен жарандардын расмий саны 600 миңден жогору.

Бейрасмий бир миллиондон ашуун мигрант бар экени айтылып келет. (BCh)

XS
SM
MD
LG