Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:26

Ташиев: Эки мамлекеттин кызыкчылыгы менен гана жер алмашылышы мүмкүн


Камчыбек Ташиев
Камчыбек Ташиев

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев бийлик азыркы тапта коңшу Өзбекстан, Тажикстан менен чек ара маселесин тактоо боюнча жигердүү иш алып барып жатканын билдирип, жергиликтүү элди чагымга алдырбастан жардам берүүгө чакырды.

Ташиев жер алмашууда эки мамлекеттин кызыкчылыгы тең эске алынааарын белгиледи:

“Силер ойлобогула, чек араны чечсе эле жер берет, туура эмес, алмаштырып коёт экен деп. Андай болбойт. Ошол чек араны чечүү комиссиясынын башында мен турам. Кантип эле мен бир метр жерди берип коём, кантип эле Садыр Жапаров элге каршы келген чечим кылсын?! Андай болбойт! Бардык маселе Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстандын кызыкчылыгын тууралап туруп чечилет. Самаркандектин бир гектар жери ушул айылдын эле жери эмес. Ал жер - мамлекеттин жери. Мамлекет кээ бир жерлерди берип, кээ бир жерлерден алып, чек арасын такташы мүмкүн. Бардык эле жерди алып тактайбыз дей албайм. Берип, алмашышыбыз мүмкүн. Ошондо дагы элдин кызыкчылыгын сактайбыз”, - деди Ташиев.

Ташиев чек ара аймактарындагы айрым айылдардагы турак-үй жылдырышы мүмкүн экенин айтып, анын ордуна сөзсүз башка жер берилерин кошумчалады. Ташиев чек араны тактоодо жергиликтүү эл чагымга алдырбай, мамлекеттин чечимдерине жардам бериши керек деп билдирди.

15-марттан 18-мартка чейин Тажикстандын Согд облусуна караштуу Кожент шаарында Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттөр аралык комиссиясы чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кезектеги жыйынга чогулат.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы кабарлады. Кыргыз тараптын делегациясына УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жетекчилик кылат. Ал эми тажик тараптан бул өлкөнүн атайын кызматынын башчысы Саймумин Ятимов катышат. Бул - эки мамлекеттин атайын кызматтарынын жетекчилери катышкан чек ара боюнча алгачкы жолугушуу. (TSh)

XS
SM
MD
LG