Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:02

Кыргызстанда аялдар эркектерге караганда 8 жылга узак жашайт


Жарандык паспортторду текшерүү учуру
Жарандык паспортторду текшерүү учуру

Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда Кыргызстанда аялдар эркектерге салыштырмалуу орточо сегиз жылга узак жашайт.

2020-жылы өлкө калкынын саны 6,5 миллионго жетип, анын 3,3 миллиону аялдар, 3,2 миллиону эркектер деп саналды. Бирок, жыл өткөн сайын эркек балдарга караганда кыздар аз төрөлүүдө.

Акыркы жылдары 100 кызга 105 эркек бала туура келет.

40 жаштан өткөн аялдардын саны эркектерге караганда көбүрөөк.

Сексенден өткөн аялдар өз курагындагы эркектерден эки эсе көп болуп, 100 аялга 55 эркек туура келет. 2019-жылы аялдардын өмүрүнүн орточо узактыгы 76 жашты, ал эми эркектердин өмүрүнүн узактыгы 68 жашты түзгөн.

20-24 жаштагы эркектердин иш менен камсыз болуу деңгээли 64 пайызды, ал эми аялдардыкы 29% болду. (BCh)

XS
SM
MD
LG