Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:01

Германияда эки аймактагы шайлоодо бийликчил партия жеңилди


Рейнланд-Пфальц аймагын жетектегген социал-демократ Малу Драйер
Рейнланд-Пфальц аймагын жетектегген социал-демократ Малу Драйер

Германиянын канцлери Ангела Меркель жетектеген Христиан-демократиялык союзу эки аймактагы шайлоодо утулду.

14-мартта өткөн жергиликтүү парламентке (ландтаг) шайлоолордо Рейнланд-Пфальц аймагында Социал-демократтар, ал эми Баден-Вюртембергде “Жашылдар” партиясы жеңишке жетти.

Бул аймактагы добуш берүүнүн жыйынтыгы Германиянын кийинки канцлери үчүн күрөшкө таасирин тийгизиши мүмкүн. Быйыл күзүндө Бундестагга шайлоо өтүп, анын жыйынтыгында Ангела Меркелден кийинки немис канцлери ким болору аныкталат. Меркель быйылкы шайлоого катышпай турганын билдирген.

Көпчүлүк аналитиктер шайлоо өткөн аймактарда бийликтеги Христиан-демократиялык союзу жеңилерин болжолдошкон. Меркелдин партиясы жалпы өлкө боюнча сурамжылоолордо алдыда келатканы менен Рейнланд-Пфальц жана Баден-Вюртембергде башка партиялар популярдуу.

Рейнланд-Пфальцты 2013-жылдан бери социал-демократ Малу Драйер жетектесе, Баден-Вюртембергдин премьер-министри “Жашылдар” партиясынын мүчөсү Винфрид Кречман.

XS
SM
MD
LG