Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:26

Ысык-Көлдө православдардын мүрзөсүндө эстеликтер талкаланды


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Ысык-Көл районунун Бактуу-Долоноту айылынын четиндеги православдар көрүстөнүндө 12 эстелик талкаланды.

Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов маалымдады. Окуя 5-мартка караган түнү болгон.

"Бул факт Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнүн Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жоруктар жөнүндө кодекстин 131-беренеси менен сотко чейинки тергөө иши башталды. Тергөө ыкчам тобу түзүлгөн, жергиликтүү бийлик, жаштар эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат. Чолпон-Ата шаардык чиркөөсүнүн иерейи Александр Дмитриев элге кайрылып, муну кандайдыр бир диний кастык же улуттар аралык пикир келишпестик катары баалообого чакырды”,- деди Сталбек Усубакунов.

Мындай окуя 2 жыл мурун Ысык-Көл районунун Ананьев айылында да катталган. Анда күнөөлүүлөр аныкталып, талкаланган эстеликтер ордуна тургузулган. (KS)

XS
SM
MD
LG