Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:07

Жогорку сот “Дөө Чыңгыз” каймана аты бар Жумагуловду 5 жылга кескен өкүмдү күчүндө калтырды


Чыңгыз Жумагуловду кармоо учурундагы сурөт. 2019-жылдын 11-апрели.
Чыңгыз Жумагуловду кармоо учурундагы сурөт. 2019-жылдын 11-апрели.

Жогорку сот кылмыш дүйнөсүндө «Дөө Чыңгыз» деген каймана ат менен таанымал Чыңгыз Жумагуловго буга чейинки инстанцияны колдогон чечим чыгарды. Муну менен ал 5 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Жогорку соттон тастыкташты. Сотко Жумагуловдун жактоочусу кайрылган.

Бишкектин Биринчи май райондук соту Чыңгыз Жумагулов боюнча 2020-жылдын 19-июнунда өкүм чыгарып, судья Адылбек Эсенбаев Жумагуловду Жазык кодексинин 43-беренеси («Кылмышка кошо катышуучулардын») жана 248-беренеси («Уюшкан топту түзүү же ага катышуу») менен коюлган айып боюнча актаган. Жазык кодексинин 266-беренеси боюнча («Ээнбаштык») менен күнөлүү деп таап, 5 жылга түрмөгө кесилген. Мамлекеттик айыптоочулар 15 жылга эркинен ажыратууну суранган.

39 жаштагы Жумагулов Бишкекте эки адамды мыкаачылык менен токмоктоп өлтүрүүгө шектүү катары былтыр 11-апрелде кармалып, №1 тергөө абагына камалган. Каза болгондор да, шектүүлөр да криминалдык топтордун мүчөлөрү экени аныкталган. Талдоочулар муну уюшкан кылмыштуу топтордун таасир талашы катары баалашкан. (TSh)

XS
SM
MD
LG