Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:45

Тихановская абакта ачкачылык жарыялаган активисттерге кайрылды


Беларус оппозициясынын лидери Светлана Тихановская абакта ачкачылык жарыялаган үч беларус активистти акцияны токтотууга чакырды. 14-мартта жарыяланган видео кайрылууда Тихановская журналист Игорь Лосикке, музыкант Игорь Банцерге жана активист Дмитрий Фурмановго кайрылып, өмүрлөрүн тобокелдикке салбоону өтүндү.

“Силер азыр ачкачылык аркылуу протест кылып, өз өмүрүңөрдү тобокелге салып жатасыңар. Бирок биз, беларустар, буга жол бере албайбыз. Силер жакындарыңарга, ата-энеңерге, балдарыңарга керексиңер. Силер Беларуска керексиңер”,-деди Тихановская.

Оппозициячыл саясатчы ак жеринен абакка камалган беларус активисттерин бошотуу үчүн колунан келгендин баарын жасоого убада кылды.

29 жаштагы журналист Игорь Лосик былтыр июнь айында “коомдук тартипти бузууга даярдык көргөн” деген айып боюнча кармалган. Буга чейин ал 41 күн ачкачылык жарыялап, кийин токтоткон болчу. Өткөн аптада Лосикке карата жаңы айыптар тагылган учурда ал кайрадан ачкачылык кармап, өз тамырын кесүүгө аракет кылганы кабарланган.

Өткөн аптада америкалык конгрессмендер Беларус бийлигин Лосикти жана башка “саясий туткундарды” бошотууга чакырган.

Гроднолук музыкант Банцер 2020-жылы октябрда “бейбаштыкка” айыпталып кармалган. Ал өзүнө тагылган айыптарды саясий куугунтук деп 3-марттан тартып ачкачылык жарыялаган болчу. Ал эми активист Дмитрий Фурманов болсо май айында камакка алынган.

Беларуста өткөн жылдын 9-августундагы добуштар бурмаланган президенттик шайлоодон бери саясий кризис уланууда. Шайлоонун бурмаланган жыйынтыгына каршы жапырт нааразычылык иш-чаралары өтүп, анын жүрүшүндө жүздөгөн адамдар кармалды. Бир нече активист, журналисттер эркинен ажыратылды.

XS
SM
MD
LG