Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:50

Акцияга чыккан активистти милиция кармап кеткени кабарланды


9-марттагы Конституциянын жаңы долбооруна каршы чыккан митингден сүрөт.
9-марттагы Конституциянын жаңы долбооруна каршы чыккан митингден сүрөт.

Саясатчы Жеңиш Молдокматов Баш мыйзамдын референдумга коюлчу долбооруна каршы нааразычылык акцияны уюштурган активисттердин бири Тилекмат Күрөновду милиция кармап кеткенин “Азаттык” радиосуна билдирди.

“Милиция кармап кетти. Тактасам, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын 10-бөлүмүндө экен. Азыр ошол жакка баратам. Тактап маалымат берем”, - деди.

9-мартта Бишкекте Конституциянын жаңы долбооруна каршы жана Жогорку Кеңештин тарашын талап кылган митинг өткөн. Аны “Ханституцияга каршы” борборунун өкүлү Жеңиш Молдокматов баштаган активисттер уюштурган. Учурда милициядан маалымат алууга мүмкүнчүлүк боло элек. (TSh)

XS
SM
MD
LG