Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:48

Садыр Жапаров: Мындан ары саясий куугунтук болбойт


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров 15-мартта «Азаттык» радиосуна курган маегинде Кыргызстанда саясатчыларга, журналисттерге карата саясий куугунтук болбой турганын билдирди.

Мамлекет башчы буга байланыштуу сотторго, укук коргоо органдарына да эскертип жатканын айтып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында жаткан атайын кызматтын мурдагы төрасы Абдил Сегизбаевдин ишине токтолду.

«Эгерде саясий куугунтук боло турган болсо Абдил Сегизбаев эле эмес, мени менен кошо президенттик шайлоого 15-16 талапкер чыкты. Андан тышкары көчөгө чыгып митинг кылып деле кыйкырып жатышат. Саясатчысы деле, саясатчы эмеси деле кыйкырып атат. Биз бирөөнү да куугунтуктаган жокпуз. Же мурдагыдай журналисттерди куугунтуктаган жокпуз. Мурда Сыргак Абдылдаевди сайып кеткен, колу-бутун бууп, көп кабаттуу үйдөн ыргытып жибергендери, камалгандары бар. Азыр эч нерсе болгон жок да», - деди Садыр Жапаров.

Президент Жапаров Сегизбаевге кылмыш иши ал президенттик шайлоодо талапкер болгонго чейин эле козголгонун белгиледи. "Андан тышкары да Сегизбаевге 5-6 иш ачылган", - деди Жапаров.

УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев 26-январда «Белизгейт» чыры боюнча кармалып, эки айга тергөө абагына камалган.

Башкы прокуратура Сегизбаевдин үстүнөн жалпысынан алты иш тергелип жатканын, алар кызматтык батирлерди бөлүштүрүүгө, жер тилкелерине, энчилүү курал менен сыйлоого, бюджеттик акчаны бөлүштүрүүгө байланыштуу экенин кабарлаган.

Сегизбаев өзүнө коюлган айыпты толугу менен четке кагып, ага каршы козголгон кылмыш иштерин бийликтин куугунтугу катары баалап келет.

Президент Садыр Жапаров 15-мартта «Азаттык» радиосуна берген интервьюсунда конституциялык реформа, парламентаризм системасы, Жогорку Кеңештин ишмердиги, ички-тышкы саясат, экономиканын абалы, тышкы карыз, адам укуктары баштаган бир катар суроолорго жооп берди. (BTo)

XS
SM
MD
LG