Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:22

Жапаров: Баш мыйзам боюнча жоопкерчилик Конституциялык кеңешмеде болот


Кыргыз Республикасынын Конституциясы.
Кыргыз Республикасынын Конституциясы.

Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 15-мартта «Азаттык» радиосуна берген эксклюзивдүү интервьюсу маалында айтты.

“Жоопкерчилик Конституциялык кеңешмеде болот. Алар ар тармактан чогулган 98 киши. Президенттин жарлыгы менен түзүлүп, ошолор чечти. Алардын эшиги ачык болду. Башында 70тей эле киши түзүлсө керек эле, кийин каалаган киши кирип отуруп, 98ге жетти. Алар даярдап, Жогорку Кеңешке алып келип берди. Жогорку Кеңеш өзгөртүүсүз эле референдум мыйзамы менен алып чыгышты. Биринчи жоопкерчилик Конституциялык кеңешмеде болот. Анан Жогорку Кеңеште. Анан, албетте, элдин өзүндө. Эгер эл каалабаса, бул Конституцияны кабыл албай койсо да болот, каршы добуш берсе да болот. Бирок мен элдин баары каршы бербейт деп ойлойм. Анткени эл 30 жылдан бери саясатты "жиликтеп", үйрөнүп калды", - деди президент.

Садыр Жапаров 15-мартта «Азаттык» радиосуна курган маегинде конституциялык реформа, парламентаризм, Жогорку Кеңештин ишмердиги, ички - тышкы саясат, экономиканын абалы, тышкы карыз, адам укуктары сыяктуу бир катар суроолорго жооп берди.

Садыр Жапаров Конституциянын долбоору боюнча референдумду 11-апрелде өткөрүү жөнүндө мыйзамга 12-мартта кол койгон.

11-мартта Жогорку Кеңеш сөз болуп жаткан мыйзам долбоорду кабыл алган. Ага жыйынга катышкан 100 депутаттын 94ү макул деп, алтоо каршы добуш берген.

Быйыл 10-январда өткөн референдумда шайлоочулардын 81% президенттик башкаруу формасын тандашкан.

Мына ушул президенттик башкарууга ыктаган Баш мыйзамдын долбоорун даярдоо 10-январга чейин эле башталып, атайын Конституциялык кеңешме түзүлгөн. Кеңешме иштеп чыккан Конституциянын долбоору боюнча өлкө жарандары 11-апрелдеги референдумда өз добушун бериши керек. Ушул эле күнү жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо да болот.

Жаңы долбоор боюнча, президент 5 жылдан эки жолу шайланууга мүмкүнчүлүк алат.

2021-жылы шайланган президент иштеп жаткан Конституцияга ылайык ыйгарым укуктарын алты жылга жүргүзөт жана бул анын биринчи президенттик мөөнөтү болуп эсептелет.

Мамлекет башчысы аткаруу бийлигин толук көзөмөлдөйт. Азыркы өкмөттүн ордуна Министрлер кабинети түзүлөт. Министрлердин кабинетин жетектеген адам президенттик администрацияны да башкарып калат.

XS
SM
MD
LG