Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:15

Жапаров: Кыргызстан демократиялык мамлекет бойдон калат


Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров
Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров

"Кыргыз Республикасы - демократиялык мамлекет бойдон калат", -деп билдирди президент Садыр Жапаров 15-мартта "Азаттык" радиосуна берген эксклюзивдүү интервьюсунда.

Президенттин айтымында, азыр "Кыргызстанда саясий куугунтук жок". Журналисттин УКМКнын мурдагы жетекчиси Абдил Сегизбаевдин мисалында оппоненттерди куугунтуктоо болуп жаткан жокпу деген суроосуна Жапаров "Абдил Сегизбаевге кылмыш иши президенттик шайлоого чейин эле козголгонун, андан башка 15-16 талапкерге эч кандай куугунтук болбогонун", айтты.

Ошол эле маалда Садыр Жапаров оппозция менен кызматташууга даярдыгын, алардын аттуу-баштууларын кабыл алып, Конституция, тышкы карыз боюнча суроолоруна жооп берип, сунуштарын угуп жатканын да кошумчалады.

Мамлекет башчысы аялдардын укуктары боюнча суроого жооп берип жатып, үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктун түпкү себеби - акыркы 15-25 жылдагы экономикалык кыйынчылыктарда, миграциянын күчөп кеткендигинде экенин белгиледи.

"Балдар каралбай, ата-энелери мигрант болуп кетишти. Ошол балдардын алды үйлөнө башташты. Кенемтени толтуруу үчүн мамлекеттик олуттуу программалар иштейт", - деди Жапаров.

Президент ошондой эле сөз эркиндиги жана журналисттердин жеке коопсуздугу да сактала турганына кепилдик бардыгын интервьюсунда бекемдеди.

Садыр Жапаров 2017-жылдан 2020-жылдын октябрь окуяларына чейин абакта болгон. Быйыл 10-январда өткөн президенттик шайлоодо 80% добуш алган. Алгачкы чет мамлекеттерге сапарын Орусия, Казакстан, Өзбекстандан баштады.

Садыр Жапаров президент болуп шайлангандан кийин "Азаттык" радиосуна биринчи ирет интервью берди.

XS
SM
MD
LG