Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:33

Садыр Жапаров: Конституциянын тагдырын элдин добушу чечет


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 15-мартта «Азаттык» радиосуна берген интервьюсунда билдирди. Ал Кыргызстан акыркы 10 жылдын ичинде парламенттик башкаруу системасында, ага чейин парламенттик-президенттик, андан мурун президенттик башкарууда жашап келгенин айтып, өлкө бардык системаны башынан өткөргөнүн айтты. Тарых мамлекетте бир эле жоопкерчиликтүү бийлик бутагы болушу керектигин көрсөткөнүн кошумчалады.

«Баш мыйзамдын жаңы долбоору сунушталып 11-апрелге референдумга коюлду. Кудай буюрса, Конституциянын тагдырын элдин добушу чечет. Мен бул Конституция мамлекетти алдыга жылдыра турган Конституция болот деп ойлойм. Мамлекетте тартип орното турган Конституция болот деп ишенем», - деди мамлекет башчысы.

Садыр Жапаров Конституциянын долбоору боюнча референдумду 11-апрелде өткөрүү жөнүндө мыйзамга 12-мартта кол койгон.

11-мартта Жогорку Кеңеш сөз болуп жаткан мыйзам долбоорду кабыл алган. Ага жыйынга катышкан 100 депутаттын 94ү макул деп, алтоо каршы добуш берген.

Быйыл 10-январда өткөн референдумда шайлоочулардын 81% президенттик башкаруу формасын тандашкан.

Мына ушул президенттик башкарууга ыктаган Баш мыйзамдын долбоорун даярдоо 10-январга чейин эле башталып, атайын Конституциялык кеңешме түзүлгөн. Кеңешме иштеп чыккан Конституциянын долбоору боюнча өлкө жарандары 11-апрелдеги референдумда өз добушун бериши керек. Ушул эле күнү жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо да болот.

Жаңы долбоор боюнча, президент 5 жылдан эки жолу шайланууга мүмкүнчүлүк алат.

2021-жылы шайланган президент иштеп жаткан Конституцияга ылайык ыйгарым укуктарын алты жылга жүргүзөт жана бул анын биринчи президенттик мөөнөтү болуп эсептелет.

Мамлекет башчысы аткаруу бийлигин толук көзөмөлдөйт. Азыркы өкмөттүн ордуна Министрлер кабинети түзүлөт. Министрлердин кабинетин жетектеген адам президенттик администрацияны да башкарып калат.

Президент Садыр Жапаров 15-мартта «Азаттык» радиосуна курган маегинде конституциялык реформа, парламентаризм, Жогорку Кеңештин ишмердиги, ички - тышкы саясат, экономиканын абалы, тышкы карыз, адам укуктары сыяктуу бир катар талылуу суроолорго жооп берди. (BTo)

XS
SM
MD
LG