Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:43

Конституциянын жаңы долбоорун сындаган активист камалды


Тилекмат Кудайбергенов.
Тилекмат Кудайбергенов.

«Жетим-Тоо» темир кенин коргоо кыймылынын төрагасы, Конституциянын жаңы долбооруна каршы чыккан жарандык активист Тилекмат Кудайбергенов 48 саатка камакка алынды.

Бул тууралуу «Азаттыкка» анын адвокаты Амантур Абдрахманов 15-мартта билдирип, Кудайбергенов Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилгенин кабарлады.

Жактоочунун маалыматында, активист бийликти күч менен басып алууга чакырык жасаган деп шек саналууда. Буга Тилекмат Кудайбергеновдун «Фейсбуктагы» жеке баракчасына жазган билдирүүлөрү себеп болгон.

«Негизи эки берене менен айыптап жатышат. Азыр «Бийликти күч менен басып алууга чакырык жасоо» беренеси менен камакка алды. Анын «Фейсбукка» жазган билдирүүлөрү боюнча экспертиза жүргүзүлүп ошонун негизинде ушундай чечимге келишиптир. Өзү болсо "Ал постторду мен жазгам. Бирок эч кандай чакырык кылган эмесмин" деп жатат», - деди жактоочу.

Конституциянын жаңы долбооруна каршы чыккан митингден сүрөт. 9-март, 2021-жыл.
Конституциянын жаңы долбооруна каршы чыккан митингден сүрөт. 9-март, 2021-жыл.

Тилекмат Кудайбергенов «Фейсбукта» Тилекмат Куренов деп катталган. Ал былтыр декабрь айында Нарындагы Жетим-Тоо темир кенин коргоо кыймылын түзгөндөрдүн бири жана аны жетектейт. Кыймыл Жетим-Тоону чет элдик ишкерлерге колдонууга бербөөнү жана экологияны сактоону талап кылат.

Кудайбергенов акыркы учурларда Конституциянын жаңы долбоорун жана бийликти сынга алып келаткан. 9-мартта Бишкекте ал долбоорго каршы жана Жогорку Кеңештин тарашын талап кылган митингди алып барган.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы жана Ички иштер министрлиги (ИИМ) активисттин кармалышы тууралуу расмий комментарий бере элек. (BTo)

XS
SM
MD
LG