Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:04

Өкмөт: Жетим-Тоо тышкы карызды төлөөгө берилбейт


Жетим-Тоону коргоо кыймылынын мүчөлөрү.
Жетим-Тоону коргоо кыймылынын мүчөлөрү.

Бүгүн, 8-январда Кыргызстандын вице-премьер-министри Максат Мамытканов менен Өнөр жайы, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Жыргалбек Сагынбаев басма сөз жыйынын өткөрүштү. Алардын айтымында, «Жетим-Тоо кени Кытайга сатылып кетти» деген сөздөр чындыкка дал келбейт. Вице-премьер-министр азырынча Жетим-Тоо кенин иштетүү боюнча долбоор да түзүлө элек экенин айтты:

«Эч нерсе баштала элек жатып, элди дүрбөлөңгө салуу туура эмес. Жетим-Тоо кенин иштетүүгө азырынча геологиялык чалгындоо иштери да жүргүзүлө элек. Бул совет мезгилинде аныкталган, ачык кен. Бирок азырынча эч кандай иш баштала элек. «Аны тышкы карыз үчүн сатып жиберди» деген эксперттердин сөздөрү чындыкка дал келбейт».

Ал эми Жыргалбек Сагынбаев мындан ары кендерди иштетүү ачык-айкын болорун билдирди:

«Жетим-Тоо кенин мамлекет кандай иштетет - баары ачык-айкын болот. Биздин кен байлыктарды мурдагы бийликтердин тушунда чет өлкөлүк инвесторлорго берип келсек, эми өзүбүз иштетебиз. Шылуундукка жол берилбейт».

Садыр Жапаров премьер-министр болуп турганда уюштурган басма сөз жыйындарынын биринде Жетим-Тоодо 50 млрд. тоннадай темир кени бар экенин белгилеп, аны чийкизат түрүндө сатса, анын эсебинен бир жылда 1 млрд. долларды төлөсө болорун билдирген.

Коомдук-саясий чөйрөдө «Жетим-Тоодогу темир кенин тышкы карыздардан кутулуш үчүн өкмөт кошуна мамлекетке берет экен» деген күдүк кептер көптөн бери айтылып келатат.

Кыргызстандын насыялар үчүн төлөй турган мамлекеттик тышкы карызынын басымдуу бөлүгү Кытайга тиешелүү. Тагыраагы, Кыргызстандын Кытайга 1 млрд. 778 млн. доллар карызы бар.

Былтыр декабрь айында Жетим-Тоо темир кенин коргоо кыймылы түзүлүп, 18-декабрда Бишкектеги Ала-Тоо аянтында Жетим-Тоону коргоо боюнча нааразылык чара өткөргөн. (ZKo)

XS
SM
MD
LG