Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:15

Транспорт жана жол министрлигинин статс-катчысы кармалды


Бишкек-Ош жолу. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкек-Ош жолу. Иллюстрациялык сүрөт.

Транспорт жана жол министрлигинин статс-катчысы Эрмек Мамыркалиев 7-январь күнү коррупция боюнча шектүү катары кармалды.

Бул маалыматты Экономикалык кылмыштулукка каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтаны (Финансы полициясы) басма сөз катчысы Анастасия Пискур «Азаттыкка» ырастады. Маалыматка ылайык, Мамыркалиев учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Финпол азырынча Мамыркалиевдин кармалышы боюнча кенен маалымат бере элек.

Өткөн жылы Транспорт жана жол министрлигине караштуу «Бишкек-Ош» мамлекеттик дирекциясынын кызматкерлери коррупциялык схема түзүүгө байланыштуу шектүү катары кармалганы кабарланган.

Алар өлкөнүн түндүгү менен түштүгүн бириктирген магистралдагы «Сосновка» жана «Кара-Көл» өткөрмө бекеттери аркылуу өткөн автоунаалардан түшкөн каражаттын чыныгы суммасын жашырган деген шек менен кармалган. Финпол мындан мамлекет 20 млн. сом зыян тартканын билдирген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG