Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:01

Адвокат: Талапкердин жубайын шектүү деп атоо туура эмес


Курсан Асанов КТРКдагы дебатта.
Курсан Асанов КТРКдагы дебатта.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) алдамчылыкка байланыштуу шек санап жаткан аял президенттикке талапкер Курсан Асановдун жубайы экени белгилүү болду.

Асановдун адвокаты Таалайгүл Токтакунова Күлнара Үсөнканованы шектүү деп атоо туура эмес экенин билдирди.

“Бардык жерде талапкердин аялы алдамчылык фактысы боюнча шектелип жатканы тууралуу маалыматтар тарады. Биринчиден, ал шектүү эмес. Экинчиден, Кой-Таш окуяларынан бери ал биздин эр жүрөк коргоочулардын көп жолку коногу болгон. Аны эмне гана иштерге айыптоого аракет кылышкан жок. “Бастилияны басып алуу” эле калды. Ал өзү гана эмес, анын жалгыз уулу да атасынын атасынын ишмердиги үчүн жапа чегип жатат“, - деп жазган "Фейсбук" баракчасына Таалайгүл Токтакунова.

УКМК 7-январда президенттикке талапкерлердин биринин жубайына карата сотко чейинки териштирүү иши башталганын жарыялаган. Анда шектүүнүн аты-жөнү жана кайсы талапкердин жубайы экени ачык жазылган эмес.

Жазык кодексинин 204-беренесинин негизинде А.О деген жарандын арызынын негизинде У.К инициалындагы кыргызстандыкка карата сотко чейинки териштирүү иши башталып, Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталганы белгиленген. Ал ири өлчөмдөгү алдамчылык үчүн шек саналганы, 2017-2018-жылдарда арыз жазган чет элдик ишкерден жалпы бизнес жүргүзүш үчүн 5 миллиондон ашык доллар алып, аны кайтарбай жатканы жазылган. Атайын кызматтын маалыматына караганда, иш прокуратурага өткөрүлүп берилген.

Талапкер Курсан Асанов жана анын үй-бүлөсү УКМКнын маалыматына комментарий бере элек.

Асанов 6-январда КТРКда өткөн дебатта өзүнүн жана үй-бүлөсүнүн укуктары бузулуп жатканын айтып чыккан. Ал кеп төркүнү кайсы иш боюнча экенин тактаган эмес.

«Мага, үй-бүлөмө, балдарыма да болуп жатат. Мен кайсы бир талапкердин атын атагым келбейт, бирок коркутуп-үркүтүүнү токтотуш керек», - деп билдирген Курсан Асанов. (NT)

XS
SM
MD
LG