Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:44

Курсан Асанов чогултулган кол тамгаларды БШКга тапшырды


Курсан Асанов.
Курсан Асанов.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) маалыматына караганда, Курсан Асанов 3-декабрда күрөө үчүн 1 миллион сом да төктү.

Президенттик шайлоого катышарын билдирип, БШКга кайрылган талапкерлер бүгүн, 3-декабрдын акыркы мүнөтүнө чейин өздөрүнүн талапкерлигин жактаган шайлоочулардын колу коюлган баракчаларды Боршайкомго тапшырууга жана шайлоого 1 миллион сом күрөөнү депозиттик эсепке которууга тийиш.

БШК бүгүн, 3-декабрда президенттик жарышка катышарын билдирген 6 адам талапкерлигин алды. Арасында экс-депутат жана экс-омбудсмен Турсунбай Бакир уулу да бар. Акыркы маалыматтар боюнча, учурда президенттик жарышка катышууну көздөгөн 36 адам бар.

БШКнын басма сөз кызматы маалымдагандай, кол коюлган баракчаларды тапшыруу мөөнөтү 3-декабрдын соңунда аяктайт. Чогулган кол тамгалар 30 миңден кем эмес, 60 миңден көп эмес өлчөмдө болушу керек. 4-декабрдан тартып БШК тизмедеги коюлган колдордун аныктыгын текшерип чыгат. Он күн аралыгында талапкерлерди каттоо жүргүзүлөт.

15-декабрдан 9-январга чейин шайлоого үгүт иштерин жүргүзүүгө уруксат берилет.

Кыргызстандын президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо 10-январда болот. (ZKo)

XS
SM
MD
LG