Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:22

Жогорку Кеңеш референдум өткөрүүгө добуш берген жок


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Буга добуш берүүгө келгенде залда тиешелүү сандагы депутаттардын жок болгону себеп болду. Жогорку Кеңештин регламенти боюнча референдум өткөрүү тууралуу мыйзам долбооруна добуш берүүгө кеминде 61 депутат катышууга тийиш. Кабарчыбыздын маалыматына караганда, парламенттин жыйындар залында кыркка жетпеген депутат отурду.

Бүгүн, 3-декабрда Жогорку Кеңеш келерки жылдын 10-январында мамлекеттик башкаруунун формасын аныктоо боюнча бүткүл элдик референдум өткөрүү жөнүндө мыйзам долбоорун карады.

Кыргызстанда парламенттик же президенттик башкарууну аныктоого референдум өткөрүү тууралуу мыйзам долбоорунун автору - Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров.

"Ата Мекен" фракциясынын мүчөсү, депутат Өмүрбек Текебаев конституциялык референдум өткөрүүгө байланышкан мыйзам долбоору жалпы сессияга комитетте каралбастан регламент бузуу менен сунушталганын билдирген.

4-октябрдагы кезектеги парламенттик шайлоодон кийинки нааразылыктан улам өлкөдө бийлик алмашкан. Мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 10-январга белгиленген.

Жогорку Кеңеш 17-ноябрда Конституциянын жаңы долбоорун коомдук талкууга чыгарган. Аны талкуулаш үчүн түзүлгөн Конституциялык кеңешменин жетекчилиги бүтүмүн 15-20 күндө чыгарып берерин айткан. Бирок кийин өкмөт башчылык кызматты убактылуу өткөрүп берген Садыр Жапаров шашуунун зарылчылыгы жок экенин айтып, референдумга башкаруу системасын аныктоо тууралуу суроону гана чыгарса туура болорун айткан.

Эгер референдум 10-январда, президенттик мөөнөтүнөн мурда шайлоо күнү өтсө бюллетень басып чыгарууга 4 миллион сомдон ашуун, эгер өзүнчө өтсө 450 миллион сомго чейин каражат талап кылынары кабарланган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG