Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:34

Ооган өкмөтү менен «Талибан» тынчтык сүйлөшүүлөрү боюнча мунасага келди


АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео катышкан Ооганстан жана «Талибандын» өкүлдөрүнүн Катардагы жолугушуусу.
АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео катышкан Ооганстан жана «Талибандын» өкүлдөрүнүн Катардагы жолугушуусу.

Ооган өкмөтү менен «Талибан» куралдуу кыймылы өз ара тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн жол-жобосу боюнча мунасага келди. Тараптар орток пикир тапканын Катардагы талибдер менен сүйлөшүүдөгү ооган өкмөтүнүн өкүлү Надер Надери «Твиттердеги» баракчасына жарыялады. Анда «учурдагы сүйлөшүүлөр оогандар бекем тынчтыкты орнотууга даяр экенин көрсөтөт жана эки тарап тең Ооганстанда тынчтык орнотууга чын пейилден аракет кылып жатканын ырастайт» деп жазды. «Талибандын» өкүлү да «Твиттерге» ушундай эле мазмундагы билдирүү калтырды.

Эки тарап биргелешип жарыялаган билдирүүдө тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн «күн тартибиндеги темалардын долбоорун даярдоо үчүн биргелешкен комитетке тапшырма берилди» деп айтылат.

Дээрлик 19 жылга аяк баскан согушту токтотуу боюнча эки тараптын бетме-бет жолугушуусу Катардын Доха шаарында ушул жылдын сентябрь айында эле башталган. Бирок анын шарты талаш жаратып, туңгуюкка кабылган жана андан ары илгерилебей калган.

Катарда тараптар согушту токтотуу боюнча сүйлөшүү баштаганы менен Ооганстанда куралдуу кагылыш, кол салуу, чабуул тыйыла элек.

XS
SM
MD
LG