Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:54

Министр Токтогазиев: Мал-жандыкты сыртка сатууга чектөө эттин баасы турукташканда алынат


Тилек Токтогазиев. Архивдик сүрөт.
Тилек Токтогазиев. Архивдик сүрөт.

Жогорку Кеңештин 3-декабрдагы сессиясында мал-жандыкты сыртка сатууга коюлган чектөө маселеси көтөрүлдү. Депутат Урматбек Самаев мындай чектөөнү алып салууну фермерлер суранып жатышканын айтты.

Ага жооп берген айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев бул экспорт маселесине жана өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугуна байланышкан саясий чечим болгонун айтып, чектөө эттин баасы турукташкандан кийин алынарын билдирди:

«Бир жакта 10-20 миң фермер, экинчи жакта 6 миллион киши. Кризиске байланыштуу 6 миллион элдин талаптары да бар. Эттин баасы 600-700 сомго чыгып кетпесин деген эле чечим болду. Чек арада катуу тартип орносо, башкарганга мүмкүнчүлүк бар болсо чечим кабыл алабыз. Чечимди эттин баасы нормалдашканда кабыл алып беребиз».

Министрликтин азык-түлүк коопсуздугуна байланыштуу социалдык маанилүү товарларды сыртка экспорттоого тыюу салуу тууралуу сунушун өкмөт колдогон. 19-ноябрда премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков «Кыргыз Республикасынан айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн Евразия Экономикалык Биримдигинин бажы аймагынын чегинен тышкары ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салуу жөнүндө» токтомго кол койгон. Ага ылайык, экспорттоого тыюу салынгандардын арасында тирүү мал-жандык, дан эгиндери жана айрым товарлардын түрлөрү бар.

Күзүндө Бишкектин базарларында өсүмдүк майы орто эсеп менен 50-80 сомго, кант 10-30 сомго, эт 50-100 сомго чейин кымбаттаган. (RK)

XS
SM
MD
LG