Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:01

Эң узак иштеген хирург катары рекорд койгон Мамбет Мамакеев Гиннес китебинин дипломун алды


Мамбет Мамакеев Гиннестин рекорддор китебинин дипломун алды.
Мамбет Мамакеев Гиннестин рекорддор китебинин дипломун алды.

Дүйнөдө өз кесиби менен эң узак иштеген адис катары рекорд койгон кыргызстандык белгилүү хирург, коомдук ишмер Мамбет Мамакеев Гиннестин рекорддор китебинин дипломун расмий түрдө алды.

Бул тууралуу Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борбору 3-декабрда билдирди. Маалыматка караганда, эреже боюнча Мамакеевге дипломду Гиннестин рекорддор китебинин эксперттери тапшырмак. Коронавирус пандемиясына байланыштуу диплом экспресс-почта аркылуу келди.

Мамакеев Гиннес китебине быйыл майда кирген. 2020-жылдын 29-февралындагы эсеп боюнча анын хирургдук карьерасы 67 жыл 181 күндү түзгөн.

Мамбет Мамакеев 1927-жылы 1-октябрда Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районундагы Кереге-Таш айылында туулган. Иш тажрыйбасында 30 миңдей операция жасаган.

Ал азыр да ишин улантып келатат. Кыргызстандын Улуттук хирургия борборунун ардактуу директору. Бул борборго хирургдун аты берилген.

Ага 2004-жылы «Кыргыз Республикасынын Баатыры» наамы ыйгарылган. СССРдин Жогорку Кеңешинин экинчи жана төртүнчү чакырылыштарынын депутаты, Кыргызстандын Хирургиялык коомдор ассоциациясынын президенти. Илимдин 15 докторун, 26 кандидатын тарбиялаган. Hегизги илимий эмгектери өт ооруларын дарылоо, өттөгү ташты хирургиялык жол менен алуу ыкмаларын камтыйт. (NT)

XS
SM
MD
LG