Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:28

Президенттин өкүлү Калматов «депутаттарга жеке пикирин таңуулады» деген сынга кабылды


Анарбек Калматов.
Анарбек Калматов.

Президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү Анарбек Калматов референдум өткөрүү тууралуу мыйзам долбоору 3-декабрда парламентте талкууланып жатканда «жеке пикирин таңуулап жатат» деп айрым депутаттардын сынына кабылды.

Кээ бир депутаттар талкуу учурунда бул долбоор жалпы жыйынга регламентти бузуу менен чыгарылганын айтышкан. Калматов «кантип өткөнүн билбейм, мыйзамдын бул жакка чыкканы туура» деп билдирди.

Депутаттардын референдум кандай натыйжага алып келиши ыктымалдыгы тууралуу талкуусун Калматов «майда-баратына кирип жатасыңар» деп сындап: «Биринчи өткөрүп албайлыбы. Колдоп койсоңор жакшы эле болот. Мен бул жерде Садыр Жапаровду мактайын деген жерим жок, кайсы президент же башка киши келип «элдин өзүнө береличи» деди эле?» деп айтты.

Ошондой эле Калматов эгер бул мыйзамга каршы добуш берилсе, анда жарандардын укуктары чектелерин билдирди.

Президенттик милдетти Садыр Жапаров 14-ноябрда парламент төрагасы Талант Мамытовго өткөрүп берген. Калматов мамлекет башчынын парламенттеги өкүлү болуп Мамытовдун жарлыгы менен 27-ноябрда дайындалган.

Депутат Дастан Бекешев Калматовго кайрылып: «Үгүт жүргүзбөңүз деп суранат элем. Депутаттар макул же каршы ойлорун айта беришсин. Сиздин милдет – президенттин пикирин жеткирүү», - деди.

Калматов оюн юрист катары гана билдиргенин айтып, депутаттардан кечирим сурады.

Депутат Жанарбек Акаев: «Президенттин өкүлү парламентте мамлекет башчынын эмес, юрист катары өзүнүн пикирин таңуулай алабы?» деген суроо коюп, эгер ал юрист катары оюн айтса, анда экинчи окууга башка да юристтерди чакырууну сунуш кылды. Ошону менен катар ал президенттин мурдагы өкүлү Курманбек Дыйканбаевди эске салып: «Бизге келип аябай акыл үйрөтчү. Ал азыр түрмөдө отурат», - деди.

Вице-спикер Мирлан Бакиров: «Анарбек Баратович бүгүн президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытовдун жарлыгы менен келип отурат. Юрист катары өзүнүн оюн айтты. Мен мурдагы коллега катары сөзүн бөлгөн жокмун. Экинчиден, туура, бул жерде регламент жана процедура бар, ошону эске алуу керек. Үчүнчүдөн, кайсы мыйзам болбосун, ал президентке кол коюуга барат. Убакытты текке кетирбеш үчүн президенттин өкүлү да өз пикирин убагында айтып коюуга укугу бар», - деп билдирди.

Бүгүн Жогорку Кеңеш келерки жылдын 10-январында мамлекеттик башкаруунун формасын аныктоо боюнча бүткүл элдик референдум өткөрүү жөнүндө мыйзам долбоорун кароого киришти.

Парламенттик же президенттик башкарууну аныкташ үчүн референдум өткөрүү боюнча мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров иштеп чыкканы айтылды.

Президенттин парламенттеги мурдагы өкүлү Дыйканбаев кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген шек менен кармалганын УКМК 24-ноябрда кабарлаган. Дыйканбаевдин өзүнөн же жактоочуларынан бул айыптоо боюнча азырынча комментарий боло элек. (RK)

XS
SM
MD
LG